Menu

Милиция кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сактаган жарандарды кармашты

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Сокулук районунда жайгашкан базардан Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы А.Ш. аттуу жашоочусу кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизат табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 1 килограммга жакын салмактагы гашиш баңгизаты болуп чыккан.

Ошондой эле, Талас облусунун Бакай-Ата районунда 27 жаштагы Т.Д. аттуу жергиликтүү тургундун үйүн текшерүү учурунда 300 граммга жакын марихуана баңгизаты табылган.
Жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: