Menu

КР Юстиция министри Айнур Абдылдаева кызматынан отставка сурап, арыз жазыптыр

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген КР Өкмөтүнүн составындагы Юстиция министри Айнур Абдылдаева өкмөттүн иштөө стили өзгөрбөй, мурдагыдай эле, Атамбаевдик режим учурундагыдай командалык система менен иштеп жатканына нааразы болуп, кызматынан кетүү үчүн отставка сурап арыз жазыптыр. Бул тууралу биздин жеке булактар билдиришти.

Мурункудай эле мыйзамдарды сыйлабоо, кандайдыр бир саясый кызыкчылыктар үчүн тигини жасап койгула, муну тууралап койгула деген суранычтар уланууда. Ошондой иштерди жасап жүргөн атамбаевдик режимдин чиновниктери биринин артынан бири камалып жатышат. Камалуу кезегин күтүп турган бир нече министрлер да бар. Мен атамбаевдик режимдин министрлеринин тагдырын кайталагым келбейт. Эгер мыйзамсыз суранычтар кайталана берсе мен мындан ары иштей албайм таризинде нааразыланган Айнур Абдылдаева кызматынан отставка сурап арызын жазып бериптир.

Азыр арыз премьер-министрдин чечимин күтүп, анын кеңсесинде жатыптыр.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: