Учурда саламаттыкты сактоо уюмдарында жана мекемелеринде 1-3 айга чейин дары-дармектин запасы жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.
Анын айтымында, ММК Фонду 235 миллион сомго дары-дармектерди сатып алган. Алар Дүйнөлүк Банктын долбоору аркылуу сатылып алынган. Бардык дары-дармектер суроо-талапка ылайык аймактар боюнча бөлүштүрүлөт.
“Биздин өлкө импорттон көз каранды. Бардык дары-дармектер тыштан ташылып келет. Ошондуктан өзүм жеке фармкомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдүм, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запастарын барып көрүп келдим. Материалдык резервдер фонду тарабынан дагы 250 млн сомго дары-дармектер сатылып алынат. Корнавирус боюнча дарылоо протоколдору дүйнө жүзүндө бирдей. Ошондуктан айрым дарылар боюнча тартыштык бар. Тагыраак айтканда, 14 позиция боюнча, бирок кампаларда алардын ордун алмаштырган дарылар менен запастар толукталган”, – деди ал.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ