Menu

Баткен  жана Жалал-Абад облусунун медиа борборлоруна жетекчилер дайындалды

Бөлүшүү:

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен Баткен жана Жалал – Абад облустук медиа борборлордун жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, Баткен облустук медиа борборуна Токторов Алим Абдинабиевич жана Жалал- Абад облустук медиа борборуна Алдакулов Тургунбай Абдирасулович дайындалды.

Мындан кийинки кызматтык дайындоолор Ысык- Көл, Нарын жана Талас облустарында жүргүзүлөт.

Маалымат катары билдирсек, министрликтин карамагындагы мекеме жетекчилерин дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013- жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндөгү Жобонун 13- пунктунун 7—пунктчасына ылайык жүргүзөт.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү облустук мамлекеттик телерадиоберүү уюмдарын, облустук жана райондук гезиттерди бириктирүү жолу менен, алардын базасында 7 облустук медиа-борбор түздү.  Бул реформа облустук жана райондук гезит редакцияларынын ишмердүүлүгүнө акыркы жылдары жүргүзүлгөн изилдөөнү   эске алуу менен жүрүп жатат.

Жаңыдан түзүлүп жаткан мульти форматтагы облустук медиа борбордо телекөрсөтүү, гезит, web-сайт, он-лайн берүү жана пресс-борбор платформалары болуп, республикадагы 40 районду жана райондук маанидеги ири шаарларды камтып, ар бир райондо эки кабарчы иш алып барат. Жакынкы аралыкта министрлик аймактык медиа борборлордун кызматкерлери үчүн заманбап журналистиканын жаңы усулдары боюнча окууларды өткөрүп баштайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: