Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында 17-18 млрд куб суу топтолгондугу аныкталды. Бирок бул көрсөткүч жылдагыга салыштырмалуу кыйла аз. Ошентсе да быйылкы кышта электр энергиясын өчүрүүлөр болбой тургандыгын Улуттук энергохолдинг компаниясынын генерация жана энергия берүү башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Ачикеев пресс-конференцияда билдирди.
“Топтолгон суу көлөмү аз экенине карабастан электр энергиясын өчүрүү боюнча кооптонууга негиз жок” деди ал.
Буга чейин Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы айтылып келген.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ