Menu

Абдылдажан Акматалиев: «Манастан Айтматовго карай…»

Бөлүшүү:

 

– Абдылдажан агай, окурмандарга көркөм дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардан, маалыматтардан, Улуу мурастарыбыз «Манас» менен Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү жөнүндө жаңы жакшы ой-пикирлер сөз кылалы…

– «Манас» эпосу менен Чыңгыз Айтматов жөнүндө сөз кылганда сөзсүз сыймыктануу менен гана айтышыбыз керек, бул биздин атуулдук ар-намысыбыз, абийирибиз. Эч ким, эч качан эпостун улуулугун жана жазуучунун генийлигин тана албайт, ар бир мезгил өткөн сайын «Манас» менен Айтматовдун көркөм бийиктиги кемибей, бөксөрбөй, Ала-Тоодон бүткүл Ааламга шаңкайып көрүнүп, түбөлүк тура берет. Бул көркөм дүйнөбүздү алтын сымал дат баспайт, мезгилдин сыноосунан толук өткөн. Көркөм чыгармалардын бир ийгилиги, жетишкендиги – улутуна, динине, жынысына бөлүштүрүлүп таасир этпейт, адам баласынын бардыгына бирдей таасир эткен чыгарма болгондо гана ал мезгилине жана мейкиндигине карабай жашай берет. Толстой, Достоевский, Шекспир, Фолкнер, Гарсиа Маркестин чыгармалары ушундай көркөм кудуретке, касиетке ээ. Чыңгыз Айтматов да ошолордон кем калбайт, алардын катарында турат, керек болсо дүйнөдө чыгармаларынын которулушу, басылышы боюнча эң алдыңкы орунда. «Манастын» жана Айтматовдун чыгармаларынын улуулугу, ыйыктыгы – дагы кайталап айтайын, көркөм дүйнө катары дүйнө жүзү, анын ичинде кыргыз окурмандары тарабынан да туура кабылданып, туура түшүнүлүп жаткандыгында.

– А түшүнбөгөндөрчү?

– «Манас» менен Айтматовду тээ илгертен эле сындап келе жатышат. Мына, Алмамбетти чыккынчы, Манасты атайын алдап барып өлтүрттү деп бир жазуучубуз жазып келе жатат. Ошондо эле Алмамбет чыккынчы болуп калган жок да! Туурабы?! Ал эми Айтматовду кимдер гана сындабады – Токомбаев, Байтемиров, Сыдыкбеков, Алимжанов, Сулейменов. Кимдин ким экенин тарых тастыктайт. Баарын тарых таразалайт. Ошондон бери алардын көркөмдүк касиети өчүп же соолуп калган жок да. Көркөм чыгарма деген типтештирилет, калемгердин фантазиясында андан ары уланат. Ал эми тарыхый чыгарма болсо, ал башкачараак мүнөзгө ээ. Ар бир окурман өзү талдап алганга мүмкүнчүлүгү бар, бирөө мактап койсо макталып, сындап койсо сындалып калбайт.

– Анда «Манас» менен Айтматов темасын жалгаштыра берели…

– «Манас» эпосу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк космоско чыгышынын старттык аянтчасы деп бекеринен айтып аткан жокпуз. Жазуучу эпосту угуп эле тим болгон жок, ал студенттик мезгилде эле «Манас» эпосунун орус тилине которулушунун план проектисин иштеп чыккан. Кийин реакциячыл делген Сагымбай Орозбаковдун вариантынын чыгышынын башкы редактору катары партиялык-советтик идеология мезгилинде коркпой-үркпөй бүт жоопкерчиликти мойнуна алган. Ал эми Саякбай Каралаев менен жанаша жашап, жанаша жүрүп, «Манас» эпосу менен биротоло жуурулушуп кеткен. «Манастагы» жакшы касиеттердин бардыгын Чыңгыз агайдан табууга болот. Ошондуктан, биз кээде Чыңгыз агайды бүгүнкү күндүн Манасы деп баа бергенде үстүртөдөн, сырткы көрүнүштөрдөн улам эмес, эң биринчи жазуучунун ички дүйнөсү менен Манастын далма-дал келишинен жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Чыңгыз Айтматов «Манаска» кайрылып, айтайын деген оригиналдуу идеяларына эпостон тамызгы алып, чыгарылчу жыйынтыктарын эпостун эстетикалык идеалдарынын жалындуу табы менен чыңап, ширетип, уңгулуу сөздүн учугун улап, чеберчиликтин мыкты үлгүлөрүн жаратканы айтпаса да түшүнүктүү.

Маңкурт темасы жөнүндө көп айтылды. Мен өткөндө «Манас» эпосу менен «Кассандра тамгасы» романындагы эмбрион темасына кайрылып, эпостогу эки-үч саптан ааламдык жаңы идеяны жазуучу ойлоп тапкандыгына токтолдум эле. Азыр болсо, али өзүм толгонуп жүргөн эки маселеге темабызга байланыштуу токтолгум келип турат.

Түрк элдеринде Бөрү, марал ж.б. тотем жаныбарлар болуп эсептелет. «Манас» үчилтигинде ак марал Семетейдин коргоочусу, колдоочусу катарында чыга келишин Чыңгыз Айтматов «Ак кеме» повестинде Бугу-Эненин образы аркылуу уланткандыгын байкоого болот. Атасы Манас кайткандан кийин баласы Семетей менен аялы Каныкей Абыке, Көбөштөрдөн запкы жеп, айлалары курушканда алар качып кетүүнү чечишип, Кайыпчынын Кара Үңкүрүнө баш паанек кылышат. Ошондо Каныкей менен Чыйырды чарчап уктап калганда бешиктеги Семетейге ак марал келип калышын Саякбай Каралаев мындайча элестүү сүрөттөйт:

Күндүз эмес, түн экен,

Атасынан баласын

Колдоп эле жүргөн пир экен,

Ошондо он эки айры Ак Бугу,

Чуркап жетип келди эле,

Бешиктеги берениң, –

Семетейди көрдү эле.

Оозу башын каккылап,

Туяк менен баланын

Ошондо кундагын кирди чапкылап.

Үч айланып балага

Эне болуп калды эле…

Алты мүйүз Ак марал

Туура тартып баланы

Эмизип турган көрүнөт.

Эне кылып Маралды

Билип турган кези экен,

Бир эмчегин эмгиче

Бир эмчеги Маралдын

Ийип турган кези экен.

Көлпүгүп тердеп жетимиң

Болуп турган кези экен.

Ак Бугунун сүтү Семетейге касиеттүү күч-кайрат берет.

Мына ушул эпизоддогу идея Чыңгыз Айтматовдун повестинде тереңдетилип, Бугу-Эне жоонун кырындысынан аман алып калган балдарга өмүр, жашоо берип отурат. Бул окуялардын бири-бири менен тыгыз байланышып, бири-бирин толуктап турганы – эпосто да, повестте да кыргыздардын тукум курут болбой жер жүзүндө сакталып калышы, келечекти ойлоо, келечекке кам көрүү. Океандай болгон «Манас» үчилтигиндеги тамчынын тамчысы болгон, көп элес бербеген, жөнөкөй эле айтылып кеткен эпизодду Чыңгыз Айтматов повесттин бүткүл тулку боюна сиңирип, адам баласынын кайдан келип чыккандыгын бир эле кыргыз элин эмес, жалпы адамзаттын баарын кызыктырган, тынчсыздандырган проблемаларды коюп, чечип отурат. Ал эми ак мара-бугунун, бөрү эненин сутүн ийип бериши жөнүндөгү мифтер дүйнөлүк миф сюжеттеринде кеңири сүрөттөлөт. Дагы кошумчалап айта кетсек, Эсенгул баатыр жөнүндө легендада да аркар сүт эмизет эмеспи.

«Желини таза, кан тамырлары көрүнүп ийип турат эки балага мээримин салып. Бугу-Эне балдарын ак сүтү менен багып жүрүп отурду, күн ысыгынан көлөкөлөдү, суук түндөрдө бооруна кысып жылытты» – делет повестте. Ал эми «Ак кеме» кинотасмасында бул окуя тереңдетилип, дарыяда агып бараткан бешиктеги баланы Бугу-Эне сактапМүйүзүнө илип, жээкке алып чыгып, сүтүн берет эмеспи.

Демек Чыңгыз Айтматовдун «Манас» эпосунан тартып дүйнөлүк мифтик символдорду да терең өздөштүргөндүгүн «Ак кеме» повестинен гана эмес, «Кыямат» романындагы Бөрү-Эненин, Акбаранын, Ташчайнардын образдарынан да көрүүгө болот.

Чыңгыз Айтматовдун тотемдик жаныбарларга, б.а. зооморфтук образдарга кызыгып, чыгармаларында сүрөттөшү – бул адамзат тарыхында көөнө замандан тартып бүгүнкү күнү да, эртең да актуалдуу болуп кала бере турган «Канткенде Адам уулу Адам болот?» жана «Адамга күн сайын Адам болуу кыйын» деген сыяктуу түбөлүк суроолорго жооп издөө.

– Бул тема окурмандар арасында кызыгуу жаратаарына ынанып турам, себеби табият менен адам баласынын байланышын ар тараптан, кеңири ачып берүү керек эмеспи?..

– Туура айтасың, Тилек. Табияттан адамды, адамдан табиятты бөлүп кароо дегеле туура эмес. Айтматовдун да сүрөткерлик эң күчтүү жагы да, башкалардан өзгөчөлөнгөн эң айырмасы да – табият аркылуу адамдардын жан дүйнөсүн ачып берүү.

– Дагы кошумчалап эмнени айткыңыз келди эле?

– Кайып болуп кетүү мотиви түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгында, «Манас» эпосунда өтө кеңири орун алган. Эпостогу Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, Тайбуурул, Акшумкар, Кумайыктар өмүрүнүн акырында кайып болуп кетиши менен Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романындагы Жаабарстын кайып болуп кетишин байланыштырса болобу?! Болот! Бул кереметтүү, сыйкырдуу көрүнүштү жазуучу чеберчилик менен пайдаланып, Жаабарсты өлтүргүсү келбей, окурмандардын жан дүйнөсүнө коёт. «Ак кемеде» да Бала балык болуп сүзүп кетет эмеспи! Ч.Айтматов сакралдуулукка, символдуулукка, метафорлукка, подтексттерге өтө маани берген,  буларды өтө кеңири, ар түрдүү планда, функцияда колдонгон жазуучу болуп эсептелет.

 Маектешкен Тилек РЫСКУЛОВ

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: