Menu

Мадамин Каратаев: “Бүгүнкү күндө Бишкектеги ооруканаларда 748 бош орун бар”

Бөлүшүү:

Бишкекте ооруканаларда 748 орундуу бош койкалар бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 24 сааттын ичинде 167 адам ооруканалардан чыгарылды, 127 бейтап кабыл алынды. Аны менен катар бейтаптарды жайгаштыруу маселеси чечиле элек.

“Бүгүн биз кырдаалды көзөмөлдө деп айта алабыз. Ошондой эле коронавирус жана пневмонияны жуктуруп алгандардын саны бир аз төмөндөдү”, – деди Мадамин Каратаев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 27 143 коронавирус инфекциясы катталып, 13 109 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 1037.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: