Жалал-Абад шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, тийиштүү адистери менен жандуу баарлашышты. Бул пайдалуу иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэриясы уюштурган ачык эшиктер күнүн аркылуу мүмкүн болду.
Ачык эшиктер күнүнө шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери келип, аярлуу жарандардын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин угушту. Ошентип, мекеме-ишканалар аярлуу жарандардын мүдөөлөрүн ишке ашыруу багытында реалдуу чараларды көрүшмөкчү. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова билдирди.
-Өз мүдөөлөрүн айтып кайрылган аярлуу жарандардын басымдуу бөлүгү материалдык жана ден-соолугу жагынан жардам сурап кайрылышты. Ар бир кайрылуу эсепке алынып, мүмкүн болушунча анын бат чечилишине аракеттер жасалат. Эгер дароо чечилбесе, белгилүү бир кыска убакта чечиле тургандыгы айтылды. Бул иш-чара аярлуу жарандардын мекемелерге баруу жана жетекчилерди издөө же күтүү убаракерчилигинен бошотот. Ошондуктан мындай ачык эшиктер күнү жыл сайын өткөрүлүп турат, – дейт ал.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 3281 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 450сү 18 жашка чейинкилер. Аярлуу жарандарга реалдуу жардам көрсөтүү максатында шаарда 15-ноябрдан 15-декабрга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган. Бир айлыктын алкагында аларга медициналык, социалдык, маданий, билим берүү, турмуш-тиричилик багыттарында камкордук көрүү, коомдук жайларда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ