Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги казак-орус чек арасында топтолуп турган жарандарына Самара облусунда калып, иштөөнү сунуштады.
Мекеме азырынча чек арадагы жарандары үчүн автобус да, учак да уюштурулбай турганын билдирди.
Расмий маалымат боюнча, ушу тапта Самарада чек арада 280дей өзбекстандык мигрант топтолуп турат жана алардын басымдуу бөлүгү коронавирус пандемиясынан улам ишсиз калган. Буга чейин өзбек бийлиги Самарадан 1200 жаранын автобус менен алып кеткен.
Буга чейин Оренбург облусунда орус-казак чек арасында кыргызстандык жана өзбекстандык жүздөгөн мигранттар топтолгон жана бир канча жума чатырларда жашап, бийликтен мекенине алып кетүүнү талап кылышкан. Соңунда Казакстан чек арасын ачып, алар үчүн автобус жана чартердик каттамдар уюштурулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ