Menu

Арашанда бажасы турганда Зилалиев “тентектик кылса да, кылмыш кылса да, жиндилик кылса да” боло береби?

Бөлүшүү:

“Бел-Алма”, “Лигласс” сыяктуу жаңжалдуу  иштердин автору Дүйшөнбек  Зилалиев деген чиновник бар. Жубайы татар кызы болгондуктан акыркы кезде “ташы өйдө (Акүйдүн жетинчи кабатына чейин) кулап”, вице-премьер-министрликке чейин жеткен.

Президенттик шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлерди Жээнбековго добуш берүүгө үгүттөймүн деп, анысы ашкере болуп калып, министрлик кызматка “төмөндөп” кеткен эле. Ошого катуу капаланган экен эрен…

“Таза коом” деген премьер-министр Сапар Исаков «Жээнбековду кантип болбосун өткөрүү боюнча өкмөттүн ички сырын» алешемдик менен ачып салган Зилалиевге ушундай “жаза” колдонууга аргасыз болгон эле. Коомчулуктун көңүлүн жазгыруу үчүн…

Бирок да Зилалиевге байланыштуу акыркы күндөрү шардана болуп жаткан маалыматтар, ал артынан чуу гана жараткан компетентсиз эле эмес,  Кудай ургандай шумпай экенин көрсөтүп жатат.

Анын биринчиси, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков инаугурациясы өтүп жаткан күндөгү Зилалиевдин “жоопкерсиз жаш баладай” же бирдемкеге абдан ичи күйгөн адамдай жасаган кылыгы…

24-ноябрда Зилалиев кытайлыктарга таандык жипти айдап алып,  инаугурацияга байланыштуу жолго коюлган күзөт кызматкерлеринин биринин алдына токтоп, “жардыруу” болот деп коркутуптур.

Бул эмне деген шумдук!? Өкмөт мүчөсүнүн мындай кылыгын кандай түшүнүүгө болот?

Бул  Зилалиевдин Жээнбековго жеке ич күйдүлүгүбү? Же Жээнбековго “сенин айыңдан вице-премьер-министрликтен түшүп калдым” деген ичке толгон ызасын  чыгарганыбы?

Албетте, “жардыруу” болот дегенден кийин бардык кызматтар аракетке келип, будуң-чаң түшүп калган. Териштирүү башталган. Зилалиевдин куйругу кармалган.

Адегенде Зилалиев баарын “караманча калп” деп чыккан.

Бирок, фактылар кашкайып тургандыктан Зилалиев 24-ноябрда жолдо күзөтчү алдына токтогонун мойнуна алып,  ага кийген формасындагы кемчиликти эскерттим деп чыкты…

Бу Зилалиевдин көзү көз экен да. Жипте зуулдап баратып, курсант кыздын кийиминдеги кемчиликти көрө калган экен!!! Ошону эскертиптир.

Курсант кыз болсо, аны “жардыруу болот” деп угуп алыптыр!!! Кулагы катуу окшойт!?  Кантип милиция окуусуна кабыл алынды экен?

Эми, ошол Зилалиев курсантка эскертүү берген күнү айдап жүргөн 1532 ВК номерлүү  Lexus-570 жол тандабас   «Тун Лин»  аттуу Кытай компаниясына таандык  экенин Дело№ гезити жазып чыкты. Кытай компаниясы Кыргызстанда кен казат экен.

Зилалиевдин баскан-турганы эле кылмыш жана ызы-чуу болуп жатып калды…

Зилалиев албетте актанууда. Ал Лексус Кытай компаниясыныкы экенин билбей түшүп алыптыр. Аны жардамчысы  айдап келген экен. Өзү эч нерсе билбейт имиш…

Мындай жорук менен Зилалиев Кыргызстанда кендерди иштетүүгө лицензия берген Геология жана минералдык ресурстар агенттигин да “билбеймин” деп чыгабы?

“Таза коом” деген атты жамынган Сапар Исаков эми буга кандай реакция жасайт экен?

Же Арашанда бажасы турганда  Зилалиев “тентектик кылса да, кылмыш кылса да, жиндилик кылса да” боло береби?

Булак: elnews.media

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: