Menu

Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёевдун биргелешкен билдирүүсү

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында 13-декабрда, Мамлекет башчысы менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Биргелешкен билдирүү жасашты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Биргелешкен билдирүүнүн тексти:

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдун  чакыруусу боюнча 2017-жылдын 13-14-деакбрында Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына расмий сапары болду.

Достук жана конструктивдүү шартта өткөн жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Өлкө башчылары саясий, соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка жааттарда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын (мындан ары – «Тараптар») ортосундагы мамилелердин заманбап деңгээлине жогору баа берди.

Президенттер көп пландуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелеринин кеңири спектри, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды камтыган актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикирлер менен алмашты.

Өлкө башчылары, эки тараптуу мамилелерге стратегиялык мүнөз берүү эки өлкөнүн элдеринин турмуштук маанилүү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет, ошондой эле Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоодо негизги фактор катары кызмат кылат деген ишенимин билдирүү менен,

эки өлкөнүн элдеринин ынак коңшулук жана өз ара урматтоонун туруктуу принциптеринде негизделген көп кылымдуу тарыхый жана маданий жалпылыгын эске алуу менен,

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25-жылдыгына өзгөчө маани берип, 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү, достукту, ынак коңшулукту жана ишенимди бекемдөө жөнүндө декларациянын жоболору менен жетектелип,

кыргыз-өзбек мамилелерин андан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, Тараптардын ортосундагы жетишилген келишимди өз убагында жана толук ишке ашырууну камсыздоого аракеттенип,

төмөнкүлөр жөнүндө маалымдашат:

1. Өлкө башчылары көз карандысыздыктын, суверендүүлүктүн, аймактык бүтүндүктүн жана эки өлкөнүн тең чек араларынын бузулбастыгынын, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөөнүн, тең укуктуу жана өз ара пайдалуулуктун негизинде, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, достукту, ынак коңшулукту жана ишенимди бекемдөө жана жигердүү өнүктүрүү боюнча өзүнүн чечимин тастыктайт.

2. Тараптар конструктивдүү-саясий диалогду өнүктүрүү жана кыргыз-өзбек мамилелерин ырааттуу түрдө кеңейтүү максатында жогорку жана бийик деңгээлдердеги үзгүлтүксүз байланыштарды колдоону макулдашты.

Өзбек тарабы 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин демократиялык шайлоосун ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгиледи.

Кыргыз тарабы туруктуу негизде Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусун өткөрүү, ошондой эле борбор азиялык региондо коопсуздук, тынчтыкты камсыздоо жана туруктуу өнүгүү боюнча регионалдык жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү жөнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын өз ара алгылыктуу долбоорун региондун өлкөлөрүнүн иштеп чыгуусу жөнүндө Өзбекстан Республикасынын демилгесин колдоорун билдирди.

3. Өлкө башчылары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара сызыгын укуктук тариздөөнүн бүтүшүн жана анын эки бир тууган элдердин өтө маанилүү турмуштук кызыкчылыгына жооп берген достук, ынак коңшулук жана кызматташтык чек арасына айланганын белгиледи.

Тараптар кыргыз – өзбек Мамлекеттик чек арасынын калган бөлүгү боюнча тезинен алгылыктуу чечим табуу боюнча системалуу жана конструктивдүү ишин улантууну жана чек ара аймагында ишенимди ар тараптан бекемдөөнү макулдашты.

Президенттер  кыргыз – өзбек Мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункттарын толук форматта ишке киргизүү эки элдин тең кызыкчылыгы үчүн кызмат кыларын жана маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

4. Мамлекет башчылары Тараптардын ортосунда кол коюлган эки тараптуу документтерди өз убагында жана ак ниет аткарууну карманаарын билдирди жана соода-экономикалык, банктык-финансылык, илимий-техникалык, транспорттук-коммуникациялык кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын андан ары өркүндөтүү, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты колдонуу, туризм жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү боюнча күч жумшоону макулдашты.

5. Тараптар, мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыкка өзгөчө роль берүү менен, эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы байланыштын жанданышына оң баа берди жана парламенттер аралык диалогду жана байланышты андан ары колдоо зарылдыгын айтты.

2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбестан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумду практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

6. Президенттер стратегиялык өнөктөштүктүн эки тараптуу мамилелеринин артыкчылыктуу багыты өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары кеңейтүү  болуп эсептелерин белгиледи.

Тараптар өз ара соодадагы оң динамиканы канааттануу менен белгиледи жана эки тараптуу соода жүгүртүүнүн номенклатурасынын диверсификациясы үчүн дараметтин болушун жана жакынкы жылдарда анын көлөмүн  500 млн. долларга жеткирүүнү белгиледи.

Тараптар рынокто талап кылынган эки өлкөнүн продукциясын жогорку кошумчаланган нарк менен соода жүгүртүүгө тартуу жолу менен өз ара сооданын номенклатурасын андан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн тастыктады

Тараптар тышкы соода инфраструктурасын жигердүү өнүктүрүү зарылдыгын жана экспорттук-импорттук операцияларды колдоо механизмдерин, биргелешкен соода үйлөрүн курууну, ошондой эле өз ара негизде бизнес-форумдарды жана өнөр жай продукцияларынын улуттук көргөзмөлөрүн өткөрүүнү белгиледи.

Тараптар ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланышты кеңейтүүгө жана соода макулдашууларынын жана байланыштардын көрүнүктүү пакеттерин түзүүгө көмөк көрсөткөн, 2017-жылдын сентябрь-октябрындагы Бишкек жана Ташкент шаарларында өткөн өз ара улуттук көргөзмөлөр жана бизнес форумдардын ийгиликтүү уюштурулушун белгиледи.

Кыргыз тарабы 2017-жылдын 14-декабрындагы Өзбекстандын Ташкент шаарына сапардын алкагында уюштурулган азыктардын көргөзмөсүнө жогору баа берди.

Мамлекет башчылары 2017-жылдын 13-14–декабрындагы Ташкенттеги эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү жана алардын жыйынтыгында кол коюлган жаңы контракттарды канааттануу менен баалайт.

7. Тараптар сапарлар менен алмашуу, кызматташтыктын баардык чөйрөлөрүндө биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланышты өнүктүрүү жолу менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылыктуу көңүл бурат.

2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Регионалдык кызматташтык жөнүндө макулдашууну практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргыз тарабы Өзбекстанда эки өлкөнүн премьер – министрлеринин көзөмөлү астында чек ара аймагындагы областтардын администрация башчыларынын жана акимдеринин Кеңешинин биринчи отурумун өткөрүү жөнүндө өзбек тарабынын сунушун колдоду.

8. Мамлекет башчылары агроөнөр жай комплекси, айыл чарбасы, машина куруу жана жеңил өнөр жай, транспорт жана байланыш өндүрүштүк кооперация ишканасын кеңейтүүнүн, ошондой эле биргелешкен маанилүү долбоорлордун санын көбөйтүүнүн чоң дараметин белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өзбек айыл чарба техникасынын, жеңил автомашинанын, автобустун, атайын чиркегич техниканын, күнүмдүк техниканын кураштыруу өндүрүшүн уюштуруу, ошондой эле текстиль чөйрөсүндө жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча биргелешкен ишканларды куруу боюнча долбоорлорду практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге, Тараптар аталган долбоорлор менен гана чектелип калбастан, өндүрүштүк кооперациянын жаңы келечектүү багыттарын биргелешип издөөнү макулдашты.

9. Мамлекет башчылары 2018-2021-жылдарга өкмөт аралык Экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кзыматташтыктын программасынын ырааты менен аткарылышы, экономиканын ар кандай чөйрөлөрүндө жана тармактарында өз ара аракеттенүүнүн бекемделишин шарттоо менен өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызмат кыларын белгиледи.

10. Президенттер транспорт чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыктын жана тышкы рынокко чыгуунун кыска жана натыйжалуу жолун камсыздаган транзиттик коридорду өнүктүрүүнүн  стратегиялык мүнөзүн белгиледи.

Мамлекет башчылары реиондогу пайдалуу жана натыйжалуу коридор катары Борбордук Азияга кызыгуунун жогорулашын шарттаган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралынын тез арада курулушу, эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарына толугу менен жооп берерин өзгөчө белгиледи.

Ушуга байланыштуу, Тараптар аталган долбоорду тез арада практикалык ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди жандандырууну макулдашты.

Региондун транспорттук маршрутунун диверсификациясынын дагы бир маанилүү фактору болгон, 2017-жылдын 30-октябрынан 3-ноябрына чейин уюштурулган «Ташкент–Анжиян–Ош–Эркечтам–Кашгар» маршруту боюнча пилоттук эл аралык авто жүрүшкө жогору баа берилди.

Региондо жүк ташуунун көлөмүн мындан ары да көбөйтүү максатында, бул транспорттук коридор боюнча үзгүлтүксүз жүк ташууну тез арада ишке киргизүүдө өз ара кызыктарлыгын билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда автобус, темир жол жана жаңы аба каттамдарын ачуу, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүргүнчү жана туристтик агымдын көбөйүшүн шарттарын белгиледи.

11. Соода-экономикалык, транспорттук-транзиттик жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин чечүүдө, ошондой эле бул чөйрөлөрдө эки өлкөнүн өз ара аракетинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоодо эки тараптуу кызматташтык боюнча эки өлкөнүн премьер-министрлери менен жетектелген кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын маанилүү ролун белгиледи.

12. Тараптар маданият, билим берүү, илим, спорт, туризм, медицина сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, илимий мекемелер, достук коомчулугу жана көркөм жамааттар ортосунда достук алмашууларды бекемдөөнү улантат.  Тараптар өз ара маданий алмашуу эки элдин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөнү жана өз ара түшүнүшүүнү жогорулатууну шарттарын белгиледи.

Мамлекет башчылары БУУнун Башкы Ассамблеясынын тийиштүү Резолюциясын кабыл алуу менен жалпы колдоо тапкан,  2014 жана 2016-жылы Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанилүүлүгүн белгиледи. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маданий диалогду бекемдөөгө кошкон салымын таануу менен,  Өзбекстан Республикасы 2018-жылы Кыргызстанда алардын өткөрүлүшү боюнча  Кыргыз Республикасынын аракетин колдойт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Өзбекстан Республикасынын Президентине дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун элесин эскерүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирет.

2017-жылдын октябрындагы Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасында Маданият жана искусство күнүнүн ийгиликтүү өткөрүлүшү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасында Маданият жана искусство күнүн белгилөө 2018-жылы өтөт.

13. Тараптар эки өлкөнүн аймагында жашаган кыргыз жана өзбек диаспораларынын эне тилди, улуттук маданиятты, каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүү иштерине мындан ары да жагымдуу шарттарды түзөт, өзүнүн өлкөсүнүн аймагында жүргөн экинчи тараптын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча зарыл чараларды кабыл алат.

14. Тараптар өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Чек ара мүнөзүндөгү өзгөчө кырдаалдардын жаралуу коркунучунан калкты жана аймакты коргоо боюнча конкреттүү практикалык иш-чараларды ишеп чыгуу жана ишке ашырууда кызматташыкты улантууга даярдыгы билдирилди.

15. Мамлекет башчылары терроризм, диний экстремизм, бангизаттарды жана куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, регионалдык жана эл аралык коопсуздуктун жана башка чакырыктары менен каршы күрөшүүдө эки тараптуу кызматташтыкты мынан ары да өркүндөтүү жана жандандыруу зарылдыгын белгиледи.

Бул максаттарда Кыргызстан менен Өзбекстандын тийиштүү түзүмдөрүнүн консультацияларын өткөрүү жолу менен, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү боюнча баардык зарыл чаралар кабыл алынат.

16. Тараптар Борбордук Азиядан тынчтыкты, туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун басымдуу актуалдуу маселелери боюнча көз караштардын шайкештигин тастыктады. Өз ара пайдалуу жана бири биринин кызыкчылыгын сыйлоонун негизинде, региондордун Мамлекеттеринин өздөрү тараптан Борбордук Азиядан ички регионалдык маселелердин баардык комплекси боюнча макулдашылган жана өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүсүнүн маанилүүлүгүн тастыктайт.

17. Кыргызстан менен Өзбекстан Борбордук Азияда суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү колдонууну жактайт. Бул максаттарда өз ара пайдалуу кызматаштык боюнча туруктуу узак мөөнөтүү механизмдерди иштеп чыгуу жана региондордун баардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана талаптарын эске алуу менен өз ара алгылыктуу чеимдерди табуу маанилүү.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы суу колдонуу чөйрөсүндө маселелерди чечүү үчүн Тараптар биргелешкен эки тараптуу суу чарба комиссиясын түзүүнү жана жакынкы күндөрдө анын отурумун өткөрүүнү макулдашты.

18. Тараптар эл аралык аренада эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн болгон дараметин улантууну жана бекемдөөнү белгиледи, БУУ, КМШ, ШКУ, ИКУ, ЕККУ жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматаштыгын андан ары өнүктүрүүдө биргелешип аракеттенерин билдирди.

19. Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун азыркы сапарынын жыйынтыктарына ыраазычылык билдирди жана жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берерин, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилени ар тараптуу тереңдетүүгө салмактуу салым кошорун белгиледи.

20. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге жана бүткүл өзбек элине кыргыз делегациясына көрсөткөн меймандостук, жылуу, достук кабыл алуусу үчүн ыразычылык билдирди жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевду Кыргыз Республикасына сапар менен келип кетүүгө чакырды. Анык мөөнөттөр дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: