2017-жылдын 12-декабрь күнү соттун чечиминин негизинде милиция кызматкерлери 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургунунун үйүн текшерүү учурунда мыйзамсыз сакталган 7,62-калибрдеги 40 даана окту табышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле, дагы бир жарандын үйүнөн “ИЖ-16” үлгүсүндөгү ок атуучу курал 3 огу менен табылып алынган.
Андан сырткары, Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 12-кичирайонунун үйлөрүнүн биринен 21 жаштагы А.Б. аттуу жаран кармалып, шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан тиешелүү документтери жок пневматикалык тапанчаны табышкан.
Ал эми, Майлуу-Суу шаарынын 32 жаштагы жашоочусу милиция кызматкерлерине ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Бул ок атуучу куралды өз үйүнүн жанындагы арыктан таап алганын билдирген.
12-декабрь күнү милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүү маалында Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынан 53 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашкан. Себеби, тиешелүү документтери жок 16-калибрдеги ок атуучу куралын жанына алып жүргөн.
Алынган ок атуучу куралдар экспертизага жөнөтүлүп, бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ