Кечээ, 18-августта айрым саясий партиялар БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартканын билдиришти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.
БШКнын чечими менен катталбай турган төмөнкү партиялар:
1. “Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясы”
2. “Демократ”
3. “Кыргызстан Коммунисттер партиясы”
Белгиленген мөөнөттөрдө “Жаратман Эл” партиясынан шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоо фондун түзүү үчүн эсептешүү эсептери ачылган эмес, бул саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат, деп билдирет БШК.
БШКнын дарегине шайлоого катышуудан баш тарткан партиялардан билдирүү келип түшкөн.
1. “Эмгек партиясы” (Партия труда)
2. “Бирик”
3. “Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы”
4. “Бийлик элге”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ