Menu

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда, Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү маселелерин жана өз ара аракеттенишүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуулар өз ара түшүнүшүү жана достук маанайында өткөндүгүн баса белгиледи.

“Өзбекстандын Президенти Кыргызстан менен Өзбекстандын канатташ чек ара райондорунун акимдеринин жолугушуусун демилгелегенине мен кубанычтамын. Транспорттук-логистикалык тармакта долбоорлор активдүү жылып жатат. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүп, биз аны мындан ары өнүктүрүүгө белсенип турабыз. Аны үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр жана чоң экспорттук мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин чечимдер жана аракеттер элдердин турмушун жакшыртууга жана жакындаштырууга багытталат”, -деди Президент.

Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык тармакта пайдаланылбай жаткан зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгиледи. ЕАЭБке мүчөлүгүн жана ВСП+ макамына ээ экендигин эске алып, Кыргызстан Өзбекстан менен кайра иштетүү жана текстиль өнөр жайы товарларын сатуу үчүн жаңы рынокторду биргелешип өздөштүрүүгө кызыктар экендигин кошумчалады.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттук байланыштарды өнүктүрүү жана колдоо, ошондой эле элдерибиздин ортосундагы байланыштарды бекемдөө максатында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын кошуна Өзбекстандын облустары менен байланыштырган үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдүн маршруттарын кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ошону менен бирге эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда авиа каттамдарды кайра жандандыруу маселеси козголду.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылы Кыргызстан менен Өзбекстан мамилелерди тереңдетүүдө чоң секирик жасалгандыгын дагы бир ирет баса белгиледи. “Эки өлкөнүн министрлери жана ведомстволордун жетекчилери өз ара тыгыз кызматташып, бири бирин жакшы таанып, сүйлөшүүлөрдө бардык маселелер өз ара түшүнүшүү жана достук маанайында чечилип жаткандыгы жакшы”, -деди Президент.

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоолордо ишенимдүү жеңиши менен куттуктады. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Президенти болуп шайлангандыгы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган программаларды кыргызстандыктар колдой тургандыгын ырастаарын белгиледи.

“Өзбекстандын Өкмөтү өлкөлөр ортосунда кызматташууну тереңдетүүгө бекем турат. Анын ичинде айыл чарбасын, инвестиция, туризм, өнөр жай тармактары бар. Өлкөнүн жогорку бийлигинин саясый эрки мына ушундай. 2017-жылдын 25-декабрында Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусу болооруна биз абдан кубанычтабыз. Бул долбоор Кыргызстандын жана Өзбекстандын экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, адамдарга ыңгайлуу шарттарды түзөт. Биз ошондой эле “Электрондук Өкмөт” жана “Коопсуз шаар” долбоорлору боюнча тажрыйба алмашууга даярбыз”, -деп баса белгиледи Абдулла Арипов.
Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир өлкөнүн өкмөтү реформаларды алдыга илгерилетүүчү болуп саналаарын белгилеп, Абдулла Ариповго жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: