Menu

Бордбордук Азиядагы уран калдыктарын реабилитациялоо боюнча Трасттык фонддго финансылык колдоосу үчүн кыргыз тарабы норвегия тарабына ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министри Ине Эриксен Серейде айым менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР ТИМ Башчысынын 2019-жылдын январында Норвегияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады . Бордбордук Азиядагы уран калдыктарын реабилитациялоо боюнча Трасттык фонддго Норвегиянын финансылык колдоосу үчүн кыргыз тарабы ыраазычылык билдирди жана радиациялык коопсуздук маселелеринде ийгиликтүү кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар экономикалык өз ара аракеттенүүнү жана норвегия базарына карата Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешти. Бул максатта Кыргызстандан чыккан товарлардын кеңири спектрин Норвегияга импорттоо боюнча норвегия тарабы 2019-жылдан тартып атайын преференциялык статус берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: