Дары-дармек департаментине караштуу борбордук лабораторияда наркотикалык жана психотроптук заттарды эсепке алууда жана сактоодогу, ошондой эле алардын сапатын текшерүү процедурасында эрежелер одоно бузулгандыгы белгилүү боло баштады.Ал жерде наркотикалык жана психотроптук заттарды эсепке алуучу атайын журнал болбогондугу жана лабораторияда колдонууга жараксыз, мөөнөтү өтүп кеткен стандарттар да бар экендигин иликтөөлөр көрсөтүп жатат. Муну лабораторияга бөлүм башчы болуп келген Адилет Мамбеталиев дагы укук коргоо органдарына тастыктап берген. Адистердин айтымына караганда, мындай көз боемочулукка баруу менен КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралдагы №54 Токтому аткарылган эмес. Негизи Гулмира Шакирова адистиги боюнча фармацевт эмес. Бирок аталган тармакты жетектеп, чалмакейин чалууда. “Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деген кадр саясатынын кесепети элдин саламаттыгын талкалоодо…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ