Чет мамлекеттердеги мекендештерди алып келүү иштерин ыкчамдатуу керек. Бул тууралуу кечээ, 28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин жыйынында билдирди.
“Иштелип чыккан алгоритмдин алкагында 10 миңден ашуун мекендешибиз өлкөгө алынып келинди. Өкмөт бул жааттагы иштерди дагы ыкчам улантуу менен Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз жарандарына көңүл буруу керек. Санкт-Петербургдан бир дагы чартердик каттам уюштурулган жок. Бүгүнкү күндө аталган шаардагы 800дөй мекендешибиз үйүнө кайтууну каалап жатышкандыгын билдиришти. Алар өз каражатына авиабилеттерди алууга даяр. Андыктан, өкмөт маселени чечүүнү ыкчамдатышы шарт”, – деди Жумабеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ