Menu

Алматыда шаар күнүнө карата алма фестивалы өттү

Бөлүшүү:

Шаар күнүнө карата Алматыда “АЛМАfest-2016” аталышындагы алма фестивалы уюштурулду. 2010-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фестивалдын максаты шаардын алма аймагы деген мурдагы атагын калыбына келтирүү.

Фестивалга Алматы облусундагы 33 чарба алманын 26 сортун алып барды.

Шаар бийлиги фестивалды Алматынын 1000 жылдыгына тууралап уюштурган. 2009-жылы Алматы шаары расмий түрдө өзүнүн 155 жылдыгын белгилеген. 1854-жылы анда аскер чеби тургузулуп, кийин Верный шаары негизделген.

Бирок кийинчерээк жергиликтүү окумуштуулар Алматынын 2000 жылга жеткен тарыхы бар деп билдиришкен. Бир нече жыл мурда Алматынын жанындагы Алмарасан шаар урандыларын казууда «Алматы» деген жазуу түшүрүлгөн XIII кылымдагы теңгелердин табылганы маалымдалган. Алматы шаар күнүн сентябрдын үчүнчү жекшембисинде белгилейт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: