Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: «Менин деле президент болом деген амбициям бар»

Бөлүшүү:

-Равшан мырза, кечээ эле оппозиция өкүлдөрү президенттик шайлоого байланышкан форум өткөрдүңүздөр. Азыр саясатчылардын баарын күздө болчу президенттик шайлоо ойго салып жатат. Президенттик шайлоо өз мөөнөтүнөн мурун болуп кетиши мүмкүн экендиги көп айтыла баштады. Мындай абал жаралышы толук мүмкүнбү?

— Андай мүмкүнчүлүк бар. Себеби, бул президент Атамбаев кызматынан кетип жатканда өзүнүн ишенимдүү адамын өз ордуна алып барганга ишенимдүү, туура жол болуп эсептелет. Ельцин бийликтен кетип жатып ордуна Путинди алып келген вариантты жасап, өзүнүн кишисин коюп алуу бир топ ишенимдүү болот. Бирок, андай кылууга убакыт күндөн-күнгө азайып баратат. Андан сырткары бүгүнкү күндө президент Атамбаевге каршы саясатчылар, тышкы күчтөр, мурунку президенттер, алардын үй-бүлөлөрү, аларга иштеген адамдар кандайдыр бир деңгээлде мобилизация боло башташты. Андан башка парламенттин ичине кирбей калган, президентке нааразы болгон мага окшогон саясатчылар жеткиликтүү деңгээлде көп. Атамбаев реалдуу, күчтүү көп саясатчылардын колунан келишинче сындырганга, аларды финансылык каражаттарын жок кылганга, психологиялык жактан бийликтен ажыратканга аракет кылды. Тилекке каршы ал максатына жеткен жок. Ошол адамдардын баары бүгүнкү күндө мобилизация болуп, кандайдыр бир деңгээлде күчтөрүн топтоп, биригүүгө кадамдарын таштап калышты. Эгерде Атамбаев өзүнүн мураскерин мөөнөтүнөн мурун шайлоо менен калтырам деп аракет кыла турган болсо кайрадан митингдер, чыр-чатактар башталып, революциялык жолго түшүп кетүү мүмкүнчүлүктөрү да жогору. Ошондуктан, менин оюм боюнча президенттик шайлоо өз убагында эле болот. Шайлоого негизинен эки гана күч таасир берет. Биринчиси президент Атамбаевдин өзү. Андан да чоңураак күч Кремль болот. Ушул экөө чогу талапкерди чече турган болсо, ал талапкердин президент болуу мүмкүнчүлүгү бир топ жогору болот.

— Кайсыл тышкы күчтөрдү мобилизация болуп жатат деп айтып жатасыз? Кремль менен батыш тарапты сөз кылып жатасызбы?

— Бул маселеде батыш тарапты такыр кошпойм. Анткени, батыш менен эң активдүү иштеген, аларды түшүнгөн адам катары батыш биздин президенттик шайлоолорго катышпайт, катышкан эмес деп так айта алам. Башка көз караштагы түшүнбөгөн адамдар батыш кийлигишет деп айта бериши мүмкүн. Батыш эч убакта кийлигишпейт. Тышкы күчтөр деп 2–3 күчтөрдү айтаар элем. Бирок, алар деле айланып келип Кремлге байланышкан болуп калат. Президент Акаевдин айлана-тегереги, туугандары, бала-чакасы, президент Бакиевдин тегереги, туугандары, бала-чакасы. Булар жеткиликтүү деңгээлде каржы, адам ресурстарына бай адамдар. Алардын Кыргызстандагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө мүмкүнчүлүктөрү аябагандай жогору. Бирок, булар деле Кремлден көз каранды. Кремлден коркуп турушат. Ал жактын уруксаты болбосо ачыктан-ачык кайсыл бир саясатчыны колдошпойт. Алар Кремль менен макулдашкандан кийин гана бир талапкерди колдошу мүмкүн. Же болбосо президент Атамбаевдин талапкери Кремлден колдоо таппай турган болсо, ал талапкерге сөзсүз түрдө каршы иштээрине менин көзүм жетет.

— Сиз баарын Кремль чечет дегенге барып такалып жатасыз. Андай болсо президент Атамбаев мураскери ким болоорун Кремль менен акылдашып, бирге чечкенге мүмкүнчүлүгү бар да?

— Атамбаев өз мураскерин жылдырганга аракет кылат. Бирок, Атамбаевдин мураскери Кремлден колдоо табат деп азыр айта албас элем. Президентке жаккан адам Кремлге жакпай калуу мүмкүнчүлүгү бир топ жогору. Жакпай калышы да мүмкүн. Ошондуктан, Атамбаевдин мураскерине караганда Кремль колдогон адам, ошол жактын талапкери күчтүү болот. Атамбаев менен Кремлдин тил табышуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал тургай жеткиликтүү деңгээлде жогору. Бирок, толугу менен тил табышып кетет деп айтуу азырынча кыйын. Президенттин мураскерин Москва колдобой коюшу толук мүмкүн.

— Өткөн жумада орустардын интернет сайты “Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу кызматын тапшыраарын билдирди” деген маалыматты жарыялады. Бул маалымат расмий билдирүү болбосо да маалыматтык согуштун учкуну экенинен кабар берет. Москва менен Бишкектин мамилеси кайсыл бир деңгээлде начарлай баштаганынын кабары десе да болот. Сиз болсо Москва президент алып чыккан талапкерди колдобой коюшу мүмкүн деп жатасыз. Кремлдин биздин Ак үйгө болгон көз карашы, ишеними өзгөргөнбү?

— Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан маалымат тез эле тарап кетет. Президенттин тегерегинде жүргөн адамдардан жашыруун маалыматтар чыгып кеткен учурлар болот. Бүгүнкү күндө Кремль Атамбаевди мурдагыдай жакшы кабыл албай калды деген жеткиликтүү ушак деңгээлиндеги маалыматтар тарап жатат. Акыркы убактардагы Атамбаевдин Россияга болгон сөздөрү, кээ бир мамилелери анализ жүргүзгөн адамдарды бул ойго түртөт. Мисалы, Атамбаев Брюсселге иш сапар жасады. Бул орустарга жакпаган нерсе. Муну сөз кыла турган болсо Атамбаев менен орустардын мамилеси жакшы эмес дегенди билдирет. Кытай менен жакын болууга аракет кылды. Бул да орустарга жакпаган мамиле. Биз так айтышыбыз керек. Атамбаевдин түрк жетекчилери менен мамилеси биротоло бузулган. Алардын да мамилеси аябай начар. Батыш мамлекеттери, АКШ массалык маалымат каражаттары аркылуу Атамбаев менен мамилеси начар экенин билгизбегени менен алар Кремль койгон президент экенин билишет. 6 жыл бою бир гана Кремль каалаган саясатты жүргүзүп келгенин алар да түшүнүшөт. Ошондуктан, алардын да көз карашы Атамбаевге терс деп айтсак жаңылбайбыз. Бул эми тышкы күчтөр. Ички күчтөрдү ала турган болсок, бүгүн президентке каршы болгон саясатчылар абдан көбөйдү. Алар дагы Атамбаевге бут тосконго аракет кылышат.

— Кечээ эле КСДП президенттик шайлоого Кубанычбек Кулматовду талапкер кылып алып чыга турган болду деген маалымат чыкты. Кулматов Кремлдин адамы экени буга чейин да айтылып келген. Ал тургай Атамбаевдин да мамилеси Кулматов аркылуу түзүлгөн деген сөздөр бар. Кулматовду талапкер катары алып чыгуу менен Кремлдин көңүлүн таба алабы?

— Менин оюмча Атамбаевдин душмандары атайлап бул маалыматты сыртка ыргытышты. Мен КСДПнын талапкери катары Кулматов жылдырылат деп ойлобос элем.

— Эмне үчүн? Кулматов Кремль күткөн кадр болуп жатпайбы?

— Антип ойлобоштун эки себеби бар. Биринчиси, эгерде Кулматовду КСДПнын талапкери кыла турган болсо Атамбаев аны Бишкек шаарынын мэрлигинен албайт эле. Аны кызматтан Атамбаев алды. Тескерисинче, Кулматовду саясий кызматтарда кармап, өстүргөнгө аракет кылмак. Экинчиси, мен билгенден Кубанычбек Кулматов чынында эле билимдүү, адамкерчилиги түз жигит. Аны ушул интеллигент сапаттарына байлап, КСДП талапкер кылып жылдырган күндө дагы Кыргызстандагы оор кырдаалды, регионалдык, трайбалисттик саясатты кармап калууга күчү жетпейт деп айтат элем. Кулматов түзгөн мамиле Россиянын Бажы кызматынын мурунку башчысы Бельянинов аркылуу болчу. Азыр ал кишиге кылмыш ишин козгошуп, үйүнөн миллиондогон доллар акчаларды табышып, кыйыр-түз түрдө контрабандага күнөөлөп кызматтан алып ташташты. Мындай болгондон кийин Кулматовдун дагы байланышы мурдагыдай болбой үзүлүп калды деп ишенимдүү айтсак болот. Бүгүнкү күндө Кулматовду КСДП талапкер кылып жылдырат деп айтыш анализ жактан кыйыныраак. КСДП талапкер катары чыгарат экен деп маалымат ыргытышкандар акылдуу кадам жасашкан. Бул маалымат чыккандан кийин эле КСДП биз аны жылдырбайбыз деген билдирүү таратышты. Ошондуктан Кулматов тууралуу айтыш эртерээк, негиз дагы жок. Жакынкы 2–3 айдын ичинде Атамбаев өзүнүн адамын Кремль менен макулдашканга аракет жасайт.

— Президент өзүнүн мураскерин алып келүүгө, ага ишти өзү каалагандай алып кетүү үчүн жол ачып берүүгө бүгүнкү парламентти таратып жибериши да мүмкүн. Бул кадам саясий чыңалууну да бир топ жумшартып, президент үчүн ыңгайлуу абалды жаратат. Бул версия ишке ашып кетүүсү мүмкүнбү?

— Толук мүмкүн. Бул албетте Атамбаев үчүн жакшы жолдордун бири болуп эсептелет. Азыр президент мамлекеттин келечегин эмес, 2–3 нерсени гана күнү-түнү ойлонуп жатат. Биринчиси, өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугун. Экинчи маселе, 6 жыл ичинде өзүнүн жана жакындарынын чогулткан дүйнөсүнүн коопсуздугу. Бул эки маселе президентти уктатпайт. Анткени, кызматынан кеткендин эртеси күнү Атамбаевди түрмөгө олтургузуу аракеттери башталат. Ал үчүн негиздер аябагандай көп. Жыйнаган дүнүйөсүн тартып алуу маселелери келип чыгат. Президентте азыр эки жакшы жол бар. Биринчиси, өзүнүн кандидатурасын премьер-министр же спикер кылып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөзүп жиберүү. Экинчи мүмкүнчүлүгү, Жогорку Кеңешти таратып, элдин баарын президенттик эмес, парламенттик шайлоого айдап жиберүү. Эгер Атамбаев азыркы парламентти толугу менен көзөмөлдөй алса. Бир караганда парламентти толугу менен көзөмөлдөп турат. Бирок, экинчи жагынан караганда жеке кызыкчылыктарына келгенде депутаттар ойноп, президенттин парламентти таратуу оюн аткарбай коюшу мүмкүн. 300–400 миң доллар акча коротуп келген олигархтар жөнү жок эле акчасын ыргытып жиберип, бир жылдан кийин кайра шайлоого баргысы келбейт. Ошондуктан, бул оор процесс болуп эсептелет.

— Бүгүн оппозиция болуп, мобилизация болду деп айтып жаткан саясатчыларыңыздын теңинен көбү Атамбаев менен чогуу болуп, бир арыктан суу ичип келгендер, азыркы системанын түзүүчүлөрү экенин эч ким тана албайт. Алар учурунда ушул эле бийликти колдоп келишкен. Кызматтан ажыраганда гана керт башын ойлоп оппозиция боло калышкандар. Аларды бүгүнкү системага каршы мыкты системаны коё алган оппозиция деп айтуу кыйын го?

— Бүгүнкү күндөгү оппозициядагы көп саясатчылар Атамбаев менен учурунда кандайдыр бир деңгээлде табакташ, пикирлеш болушту. Атамбаевди колдоп жүрүштү. Кээ бирлери президентке ачыктан-ачык саясий торпеда болуп беришти. Алардын аттарын атабай эле коёлу, ансыз деле коом кимдер экенин билишет. Бирок, бүгүнкү күндө абал өзгөрдү. Атамбаев кете турган президент. Каалайбы-каалабайбы ал кетет. Кээ бирлер Атамбаев кетпей коёт деп айтып жатышат. Мен билем, ал сөзсүз кетет. Президент кете турган болгондон кийин ар бир саясатчы, саясатка акча аркылуу келген адамдар өздөрүнүн гана кызыкчылыгын, келечегин гана ойлойт дагы, Атамбаевдин кызыкчылыгы менен иш кылбайт. Мындан сырткары көпчүлүгүн президент нааразы кылган. Кээ бирлерин түрмөгө олтургузду, кээ бирлеринин дүнүйөсүн тартып алды, дагы бирөөлөрүн күнү-түнү жамандап жатат. Алардын баары Атамбаевден өч алганга, саясий турмушун токтотконго, мураскерин келтирбөөгө аракет кылат. Бул жеке кызыкчылык. Аябагандай күчтүү сезим болуп эсептелет.

— Бүгүн кол кармашып, бирдиктүү күрөшөбүз дегендер учурунда бири-бирине асылышып жүргөндөр. Алар кантип бирдиктүү команда болуп саясат жүргүзө алат?

— Сөзсүз түрдө. Кечээки эле форумду карап көрсөк, өмүрү чогулбагандар чогула баштады. Бул акыркы 6 жылдагы чоң форматтагы улуу, орто, жаш саясатчылардын чогулган форуму болду. Сиз айткандай эле өмүрү келбеген кишилер келди. Мен айткан жеке кызыкчылыктын күчү ушул болуп эсептелет. Бийлик кетип жатат, андыктан саясий душманың менен болсо да убактылуу биригип, бийликтин кетишине шарт түзүшүбүз керек деп чогулуп жатышат. Айтканыңыз туура. Эртеңки күнү бул саясатчылар менен мен дагы идеологиялык көз карашта бирге болбошум мүмкүн. Албетте биз чачырайбыз. Биздин кыска максатыбыз Атамбаевдин саясий турмушун токтотуу, мураскерин келтирбөөгө аракет кылуу деп ачык эле жашырбастан айтып жатабыз.

– 2010-жылы дагы оппозиция Бакиевди кетиребиз деген кыска максат кылган. Бакиевди кетиргени менен системаны оңдой турган программа жок болгонун турмуш далилдеди. Азыр дагы Атамбаевдин саясий турмушун токтотобуз деген кыска максат менен же керт башын ойлогон максатта оппозиция биригип жатат дедиңиз. Ошол кыска максат ишке ашып, Атамбаев кеткенден кийин система мындан да начар абалга кептелүү коркунучу туулсачы?

— Мурунку биригүүлөр менен азыркы биригүүнүн айырмасы бар. 2005, 2010-жылдары Акаев менен Бакиевди мөөнөтүнөн мурун кетиребиз деп биригүү болгон. Азыр Атамбаевди мөөнөтүнөн мурун кетирели деп биригип жаткан жокпуз. Анын мураскерин келтирбейбиз деп биригип жатабыз. Бул убактылуу биригүү. Атамбаевдин саясаты менен макул болбогон азыркы биригип жаткан саясатчылар арасында сүйлөштүк, президенттик шайлоого колубуздан келишинче арабыздан бир талапкерди чыгарабыз. Эгер болбосо ар ким өзү каалагандай чече берет дедик. Андыктан, биз коомго ачык эле убактылуу, кырдаалга жараша биригүүгө келип жатабыз деп айта алабыз.

— Силер мураскерди келтирбөөгө аракет кылабыз деп жатасыздар. Кечээки эле жыйында Камчыбек Ташиев “Эгер Атамбаев менин мураскерим Текебаев же Мадумаров деп көрсөтсө шайлабай коёбузбу?” деген сөздү айтты. Чын эле президент оппозициянын арасынан бирөөнү мураскер кылып көрсөтсө эмне кыласыңар?

— Бул теориялык жактан талкууласа боло турган нерсе. Практикалык жактан андай болбойт. Кыргызстанда жаңыдан жашап жаткан жокпуз да.

— Күтсө болот да?

— Андай болбойт. Атамбаев өзү так ишенген, өзүнүн саясатын 6 жыл ичинде колдоп, чогуу жылдырып келген адамды түрткөнгө аракет кылат. Оппозициянын же болбосо өзүнө өйдө карап сүйлөгөн адамдардын ичинен тандайт деген биздин оюбузга келбей турган нерсе.

— Ошондой чечим кабыл алып калсачы? Оппозициянын планын талкалап, утушка ээ болот да.

— Ошондой чечим кабыл алып калса Алмазбек Атамбаев акыл-эстүү, келечекти көрө билген президент деп айтууга туура келет. Оппозициянын планын бузган болуп эсептелет.

— Сиз деле бир учурда Өмүрбек Текебаев менен келишпес каршылаш болуп жүрдүңүз. Азыр болсо аны менен бир пикирдеги адам болуп жүрөсүз. Бул кадам дагы керт кызыкчылык үчүнбү?

— Жок. Мен саясатты экиге бөлөм. Саясат-стратегия жана тактика. Стратегиялык көз карашымда өзүмдүн жолумдан тайган жокмун. Кыргызстан демократиялуу, президенти жок премьер-министр башкарган, батыш-чыгыш мамлекеттери менен бирдей мамиле түзүш керек деген көз карашты кармангам, дагы деле карманып келатам. Текебаев менен азыркы иштеп жатканыбыздын бир гана себеби бар. Текебаев убактылуу же биротоло болобу оппозицияга келди, бизге кошулду. Оппозицияны эч ким менчиктеп алган эмес. Эгерде Текебаев биздин көз карашты бөлүшүп, Атамбаевдин иштери туура эмес деп айта турган болсо эмне үчүн биз Текебаев менен иштебешибиз керек?

— Президенттин бүгүнкүдөй чоң ыйгарым укуктарга жетишине бирден-бир себепкер болгон Текебаев эмес беле?

— Бир эле Текебаев эмес, азыркы оппозицияда жүргөн саясатчылардын 90 пайызы Атамбаевдин ажыдаар болушуна, бийликти узурпация кылышына аябагандай чоң салым кошушкан. Баардыгын эле “Силер Атамбаев менен чогуу иштегенсиңер” деп кууп чыга албайт экенбиз. Эгерде оппозицияга келип чогуу иштейбиз десе, айла жок иштегенге туура келет экен. Баардыгыбыз иштеп жатабыз. Бул да чындык.

— Сиз менен чогуу Өмүрбек Абдрахманов дагы Текебаевге каршы пикирин айтып жүргөн. Ал киши ошол позициясынан тайган жок. Ошондой бекем позиция болушу керек го деп ойлойм. Сиз ошол позицияңыздан тайдыңызбы?

— Мен саясаттагы позициямдан тайган жокмун. 6 жыл мурун бийликтин кемчиликтери тууралуу кандай айтып келсем, азыр деле ошондой айтып келатам. Кайсыл бир саясатчылар бийликке кызмат кылышты, кайра оппозицияга келишти. Алар бизге келсе биз аларга кошулдук дегенди билдирбейт да. Жеке мамилени ала турган болсок, ал кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүшү мүмкүн. Коомдук мамиле менен жеке мамилени эч убакта алмаштырбаш керек. Жеке мамиле майда нерсе.

— Президент өзүнүн мураскерин алып чыгары айдан ачык. Ошол мураскерге атаандаш боло алчу негизги күч кимдер болуп эсептелет? Кыл чайнаш кимдердин ортосунда жүрөт?

— Атамбаевге каршы ачык, кыйыр, жашыруун саясатчылар аябагандай көп. Өзгөчө көрүнүктүү, күчтүү, каражаты, адам ресурсу бар саясатчылар көбөйдү. Ушундай фондо президенттин мураскери өтөт деп айтуу кыйын. Өтүшү мүмкүн, эгер Кремль ачыктан-ачык күчтүү колдоп берсе. Кремль колдобосо өтпөйт, Атамбаев өткөрө албайт. Муну ишенимдүү айта алам. Анткени мамлекеттик оор социалдык абал, бюджет, президент Кыргызстанды тышкы дүйнөдөн изоляцияга алып келиши мураскердин тактыга келип олтурушуна жол бербейт. Кыргызстандагы бүгүнкү оор абал эртең кандай гана президент келбесин чечилет деп айта албас элем. Ушул көйгөйлөр, кыйынчылыктар кала берет. Атамбаевдин мураскери же болбосо Кремль өз талапкерин алып келеби бул кыйынчылыктар уланат, социалдык-экономикалык абал мындан да оорлойт. Эгерде президенттик шайлоо Кремль аралашпай турган болсо, тилекке каршы атаандаштык түндүк менен түштүктүн ортосунда болот. Бул биздин реалдуулугубуз экен. Акаев менен Масалиевдин, Бакиев менен Куловдун ортосунда болгон реалдуулук. Биз ушундан кутула албай жатабыз. Бүгүнкү күндө түндүк менен түштүктү бирдей камтыган, эки жакта абройго ээ болгон адам тилекке каршы жокко эсе.

— Кремль бир гана Атамбаевдин мураскерине ставка койбой, оппозициядагы лидерлер менен жолугуп, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга “ак батасын” бериши мүмкүн экенин жокко чыгарабызбы?

— Оппозициядагы лидерлерге деле ставка коюшу мүмкүн. Азыр Кремлге көз каранды саясатчыларды президент болот деп айтып жатышат. Мисалы, менин деле президент болом деген амбициям бар. Бирок, коом Кремлге бат-бат барган адамдарды президент катары көргүсү келет. Биздин коомго ошолор жагат. Ошолордун ичинен да кээ бирлерин кайсыл бир убакытка чейин колдошу мүмкүн. Бирок, алар деле алданат. Кремль ар дайым кыргыздын саясатчыларын алдап келген.

-Президент болом деген амбиция бар деп айттыңыз. Шайлоого карата даярдыктар барбы?

— Ар бир саясатчы, солдат генерал болгусу келгендей президент болгусу келет. Мен эч убакта жашырган эмесмин. Президент, премьер-министр да болгум келет. Ошол үчүн саясатта жүрөм. Мүмкүн убакыт келди, мүмкүн келе элек. Азыр таразалып жаткан учурум.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: