Menu

КР Муфтийинин орун басары Катар мамлекетинде өткөн XXIV Куран жарышына катышты

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Катар мамлекетинин Вакф жана дин иштери боюнча министри шейх Гаит бин Мубарак аль-Куваринин чакыруусу менен Катар мамлекетинде шейх Жасим бин Мухаммад бин Санинин урматына карата өткөрүлгөн XXIV  Куран жарышынын бүтүрүү салтанатына катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Саамалыкка Орто Азия чөлкөмүнөн Кыргызстан, Марокко, Ирак, Малайзия, Кувейт, Түркия  мамлекеттеринен катышып, өздөрүнүн жылуу пикирлерин билдиришти. Ал эми Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев алгач Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин саламын жолдоп, 2017-жылдын май айларында Кыргызстандан келген диний окуу жайлардын мугалимдеринин араб тили боюнча квалификациясын жогорулатып бергендери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Андан соң эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемделиши жана билим берүү тармагы боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Шейх Жасим бин Мухаммад бин Санинин урматына карата өткөрүлгөн XXIV  Куран жарышы Катар мамлекетинин гана ичинде өткөрүлүп, ага жергиликтүү Куранды жат билген тургундар катышат экен. Куран жарышына Куранды толук жаттагандар жана 5, 10, 15, 20 пара Куран жаттагандар атсалышты»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Куран жарышынын байге фондуна 3 миллионго жакын реал бөлүнүп, катышуучулардын бардыгы куру-кол кетишкен жок.

Эскерте кетсек, шейх Жасим бин Мухаммад бин Санинин урматына карата өткөрүлгөн  Куран жарышы 24 жылдан бери салттуу түрдө улантылып келүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: