Ош облустук казыятында 2018-жылдагы ажылык сапарга талапкерлерди каттоо ишин сапаттуу уюштуруу боюнча кеңешме болуп өттү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызмат билдирет.
Аталган кеңешмеге Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, райондордун башкы имам-хатиптери жана казыят кызматкерлери катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө КМДБнын №325 буйругуна ылайык 2018-жылдагы ажылык сапарына талапкерлерди каттоо үчүн райондордон ажылыкка жооптуу болгон тажрыйбалуу адистерди тандап алуу маселеси каралып, сынактын негизинде коюлган талаптарга ылайык жооптуу адистердин ажылык боюнча иштөө тажрыйбасы, маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсүнө өзгөчө басым жасалаары эскертилди. Ошондой эле Нурбек кары Орунбаев райондордо жүргүзүлгөн каттоо иштеринде мурунку жылдары кетирилген кемчиликтерди жоюп, операторлордун жоопкерчиликтүү иштөөсүнө райондордун башкы имам-хатиптери да жооптуу экендигин милдеттендирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ