Жаңы жыл алдынан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3 студенти премьер-министр Сапар Исаковдун баалуу белегин алышты. Аны жыл аягында Кыргыз Республикасынын областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды.
Өткөн жылдын декабрь айында Өкмөт башчы Сапар Исаков жумушчу сапары менен Жалал-Абад областына келип, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жургүзүп жаткан ишмердүүлүгүнөн кабар алган жана студенттер менен жолугушууп, кеңири баарлашып кайткан. Жолугушу суроо-жооп менен коштолуп, жаштар өздөрүн кызыктырган суроолорун премьер-министрге узатып, жоопторду алышкан. Ошол учурда С. Исаков жакшы собол узаткан үч студентке өзүнүн баалуу белеги ыйгарылаарын айтып өткөн эле.
Өкмөт башчы убадасына туруп, мыкты суроо берген ЖАМУнун студенттери Алтынай Базарбаева, Акай Болотбеков, Жылдыз Данияровага баалуу белектерин берип жиберген. Өкмөт башчы билим алууларына, интернет булактарынан маалыматка кай жерде болсо да ээ болууларына мүмкүнчүлүк түзүү үчүн планшеттерди тартуулады. Аны КРнын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Сатыбалдиев ыйгарып, окууларына жетишкендик жана ийгиликтерди каалап өттү.
.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ