2017-жылдын 11 айынын ичинде Бишкек шаары боюнча 10 миң 264 жолбуун иттер атылды. Бул туурасында маалыматты “Тазалык” МИнин кызматкерлери ММКларга билдирген.
Баарынан көп иттерди Ленин районунан атышкан. Ал жактан 3,2 миң ит тазаланган. Биринчи май районунда 2,5 миң жана Свердлов райондорунда 2,6 миң ит өлтүрүлсө, эң аз атылган Октябрь районунда 1,8 миң ит жок кылынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ