Menu

Төрага Д. Жумабеков: “Жоокер – интернационалисттер зор урмат-сыйга жана ардактоого тактыктуу”

Бөлүшүү:

Советтик аскерлердин Афганистандан  чыгарылышынын 29 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун куттуктоосу

Урматтуу жоокер-интернационалисттер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди советтик аскерлердин Афганистандан  чыгарылышынын 29 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлерди Афганистандан чыгаруу аяктаган. Ошондон бери ушул күн жоокер-интернационалисттерди эскерүү күнү катары белгиленип келүүдө.

Ушул күнү биз кан күйгөн жерде болуп, өзүнүн атуулдук милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, берген антына бекем турушкандарга таазим этебиз. Куралдуу чыр-чатакты жөнгө салууга катышкан жоокерлер өздөрүнүн  каармандыгы  менен Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеӊген ата-бабаларыбыздын эрдигин татыктуу далилдей алды.

550 советтик жоокерлер менен офицерлер Афганистандагы согуш майданын аралап өтүштү. Бүгүн ушул апаатта өздөрүнүн эӊ кымбат адамдарын жана жакындарын жоготкондордун кайгысын теӊ бөлүшөбүз, ошондой эле ошол каардуу окуяларга катышкандардын баарына урмат-сыйыбызды билдиребиз.

Кадырлуу жоокер-интернационалисттер!

Сиздерди ак дилден колдоп,  урматтоо менен майтарылбас эрдигиӊиздерди, атуулдук парзыӊыздарды жогору тутабыз. Чыӊ ден соолук, жаркын  маанай, бакубат турмуш каалайбыз.

Бактылуу болуӊуздар, ар дайым сиздерди оптимизм коштоп жүрсүн! Кан күйгөн согушта жакындарынан ажыраган мекендештерибизге ийилип таасим этебиз!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы                                                                 Дастанбек Жумабеков

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: