Menu

Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен чыгаруу боюнча мыйзам долбоору каралды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Балык чарбасы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кенешинин депутаттары Осмонбек Артыкбаев, Карамат Орозова, Абдувахаб Нурбаев, Абдыкарап Султанов, Рада Туманбаева, Эмил Токтошев, Жунус улуу Алтынбек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Мыйзам долбоору Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алып салуу максатында иштелип чыккан. Мындай демилге Кара-Суу көлүндөгү жылаңач осман балыгы сындуу мурдатан эле байырлап келген балык түрлөрүн сактап калуу, бул аймакка туристтердин келишин шарттоо, бул өрөөнгө жергиликтүүү элдин жайлоого чыгуусун камсыздоого багытталган. Маалыматка ылайык, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы токтому менен Токтогул районундагы аянты 56826,4 га түзгөн “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлгөн. Аталган Кара-Суу көлү анын курамына кирет. Бирок Кара-Суу көлү балык чарбасын ишке ашыруу максатында “Табият КГ” ЖЧКсына берилген.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: