КР УКМК ККК тарабынан отун-энергетикалык тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу багытындагы иш аракеттердин жүрүшүндө «Кыргыз жылуулук энерго» Мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн бирине көмүр сатып алууда 500 миң сом пара талап кылган фактысы боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү “У.Р.” кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган боюнча У.Р. жогорудагы акча каражатын 2020-2021-жылдардагы күзгү-кышкы сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алууда «Кыргыз жылуулук энерго» Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердик субьектиден талап кылган.
Бул факты боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча катталган.
Учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ