Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын буйругуна ылайык Баткен облустук казыятында 2018-жылдагы ажылык сапарга жарандарды каттоо үчүн тажрыйбалуу адистерди тандап алуу максатында райондордон сунушталган талапкерлер арасында сынак өткөрүлдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Сынакка сунушталган шаар, райондордон талапкерлер катышып, конкурс казыят тарабынан түзүлгөн атайын комиссия курамынын көзөмөлүндө жүргүзүлдү.
Талапкерлер Муфтияттын Ажы-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан берилген сынактык суроолорго компьютерде практикалык түрдө жоопторду көргөзүү менен аткарышты. Жыйынтыгында бардык талапкерлердин сынактык кагаздарынын жыйынтыктары Муфтияттын Ажы-Умра жана Эл аралык бөлүмүнө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ