Menu

Момбеков Мурашевди эмес Бекбоевди күнөөлөгөн тура

Бөлүшүү:

Жамактатып сүйлөгөн Рыскелди Момбеков деген депутат бар эмеспи. КСДПчылардын арасынан көп учурда акыйкатты сүйлөп коёт. Ал жагынан ага сөз жок. Өткөн жыйында айыл чарба министри Нурбек Мурашевге суроо узатып, жарга такаган. Айыл чарба министринин авто унаасы үчүн эле бир жылда 847 миң сом ремонтко кеткенин, айдоочусу башкармалыктын башчысынын деңгээлинде 46 миң сом айлык аларын, бир күндө 70 литр бензин иштеткенин айтып баарынын оозун ачырган. Чындыгында, министрдин айдоочусу эле 46 миң сом айлык алганын уккандар чалкасынан кеткен. Ал тургай кээ бир депутаттар айыл чарба министрине айдоочу болуп алсакпы деп тамашага алышкан. Рыскелдинин бул маалыматтары азыркы министр Нурбек Мурашевдин учурунда эмес, азыр президенттик аппараттын кадр бөлүмүн колго алган Турдуназир Бекбоев министр болуп иштеп тургандагы учурга тийешелүү экен. Бекбоев шоопуруна 46 миң сом айлык койгон болсо, өзү президенттен да жогору айлык менен иштегенби ыя? Момбековдун маалыматы кызыгууну жараткандыктан, изилдеп көргөнүбүздө Мурашевдин шоопуру 11 айда 156 миң 274 сом айлык алыптыр. Министрдин унаасына командировкаларын кошкондо 11 айда 140 миң 578 сомдук бензин куюлуптур. Кызматтык авто унаасын ремонттоо үчүн 11 айда болгону 25 миң 985 сом короптур. Министрдин шоопурунун айлыгын кошуп, бензин жана башкага корогон чыгымдарды эсептегенде 11 айда 582 миң 459 сом болуптур. Мурашевди маалыматты тактабай туруп жөнү жок сөгүп алыптырбыз. Азыркы министрди эмес, Бекбоевди сөгүп, отчётту талап кылсак туура болот экен.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: