Бишкекте 20 жаштагы жигит акча каражатын жана уюлдук телефонду уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2019-жылдын 20-декабрында “Тунгуч” кичирайонунда жаш жигит аялдын колундагы баштыгын жулуп качкан. Баштыктын ичинде “Самсунг” үдгүсүндөгү эки уюлдук телефон, 15 миң сом акча жана паспорт бар болгон. Аялга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 30 миң сомду түзөт.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси (уурдап-тоноо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына алынган.
Мындан сырткары, кармалган жаран башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ