Түп райондук милиция бөлүмүнө Сары-Дөбө айылынын 51 жаштагы Р.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 20-ноябрда талаадан жүргөн малдары белгисиз себептерден улам жоголуп кеткенин билдирген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет
Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде ушул эле айылдын 24 жаштагы И. Р. аттуу тургуну кармалган.
Ошондой эле, Нарын районунун тургундары ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Себеби 13-ноябрга караган түнү короолорунан белгисиз адамдар малдарын уурдап кетишкен. Нарын РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Нарын шаарынын 28 жаштардагы А.А. жана Т.М. аттуу тургундары кармалышкан.
Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иштери козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ