Menu

Жээнбеков Атамбаевсиз бийлик жүргүзүүгө кудуреттүү

Бөлүшүү:

Акыркы кадрдык дайындоолор жаңы президентке көлөкө түшүргөндөй элес жаратты. Чындыгында Сооронбай Жээнбеков өз командасын кимдер менен курайт дегенге кыргыздар гана эмес, дүйнөлүк коомчулук да төрт көз менен «шыкаалап» олтурган.

Алгач өзүнүн жардамчысы кылып Эрнис деген жигитти бекиткени, аппаратынын кадр бөлүмүнө Бекбоевди алып барганы, Фарид Ниязовду аппарат жетекчиси эмес, кеңешчи кылып дайындаганда көпчүлүк өз алдынча курам менен иштөөгө белсенип жатат деп оң баа берген. Бирок, көп убакыт өтпөй Атамбаев эс алуудан келген соң кеңешчи болуп бекиген Ниязовду заматта аппарат жетекчиси кылып бекиткени, азырынча кадр маселеси мурунку ажо тарабынан чечилип жатканын көрсөткөндөй болду. Экс-ажо тактыны бошотуп бергени менен камчыны жаңы президентке бере электиги ачыкка чыкты. Азырынча Атамбаев өз таасирин жогото элек. Анын командасы да ошол бойдон өз калыбында олтурат. Алар Жээнбековдун эркин дем алышына “кислородду” бууп турганы чындык. Бул убактылуу гана көрүнүш экенин жокко чыгарбаш керек. Сооронбай Жээнбеков президент болгону менен өз таасирин күчөтө элек. Ал бийликти толук колго алууга кеминде алты ай убакыт керек болсо керек. Атамбаев деле 2–3 жылын күчтүү команда курай албай өткөрүп албадыбы. Жээнбеков жарым жылдык убакыт аралыгында өзүнүн командасын түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан, азырынча Жээнбековду “алсыз” президент болот деп айтууга болбойт. Соке мамлекеттик иштерде такшалган жетекчи. Кандай жол менен команда түзүп, ишти алып кетүүнүн жолдорун мыктап эле өздөштүргөн. Ичиндеги кайнап жаткан бугун да сыртка чыгара албай жүргөнү да ошондон болушу керек. Убакыт-сааты келип, камчыны өз колуна алгандан кийин Атамбаевди дагы “тынч олтур” же болбосо “чык эшикке” деп айтууга батына алат. Шайлоо кампаниясы учурунда Жээнбеков үчүн Атамбаевдин короосунан сырт жүргөндөр чоң кызмат өтөгөн. Алар да бийлик колго тийсе, убакыт өткөн соң кимдин башкаруусу жүрөрү болорун аныктайт. Ошондуктан эл арасында “Соке тактыга бекем олтуруп алгандан кийин мурунку короодо жүргөндөр арылып, өз короосун түптөйт. Өзүнүн командасы менен ушундай сүйлөшүүлөр болгон” деген сөздөр айтылып жатат да. Сооронбайды жетеленме болот дегендер жарым жылдан кийин чыныгы башкаруучунун жүзүн көрөт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: