Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында аялдардардын терс агымдарга кирип кетүүсүн алдын алуу максатында окуу семинары уюштурулду. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Иш чаранын алкагында адистер жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имамы Мукадас ажы Кожояниязов катышуучуларга бир катар маалыматтарды айтышып, алардын суроолоруна жооп беришти. Ал эми окуу семинарынын катышуучулары терс агымдарга азгырылып калбоо үчүн эл арасында түшүндүрү иштерин жүргүзүү, билим деңгээлди жогорулатуу жана атайын адистер тарабынан тастыкталган маалыматтарды алуу зарыл экендигин үйрөнүштү.
Иш чара Кызыл-Кыя шаардык хатибияты жана “Мутакалим” фонду менен биргеликте өткөрүлүп, семнар тажрыйбалуу адистердин колдоосунда уюштурулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ