Menu

Бекбоевдин жөндөмү жетиштүү

Бөлүшүү:

Бир ай мурун эле биз Турусбек Коеналиевдин шалкы бошой түшкөнүн, акыры түйүнчөгүн көтөрүп кетерин жазганбыз. Анткени кабарды жумгалактап туруп тиешелүү дарекке жеткирчү “кулагы узун Мамыттар” бекер жерден мындай “маалыматты” жайылтпаганы ошондо эле билинген. Көптөн бери жигердүү иштеген тың чыкманы акыры тазалашты. Себеби, бул кызматтын “өзгөчө даамы” бар.

Ажонун көзүнө топук болуп көрүнгөн Турдуназир Бекбоев да чекене кишилерден эмес. Бир жыл мурда “Форумда” отуруп алып, шайлоонун уюштуруу багытында жетекчилик кылган. Андан соң бийик жердин тепкичтерине изин салууга жетишти. Илгери райондун акимдигин, облусттун сырларын, ак үйдүн ашканасын иликтеп чыккандыгы үчүн эмгеги бааланып, чарбалык иштин болгондо да президенттин көзөмөлүндөгү кызматтын тизгинин кармоого ишеним көрсөтүлдү. Негизи кызматтын ажатын ачууга белсенген азаматтар ишке келсе камчы салдырбай жөндөп кетишет. Ал эми Турдуназир мырзанын ошондой керемети бар экенинен күмөн саноо бап келбей калат. Орун майлуу, сүттүү, ырыс-кешиктүү болсун орток Бекбоев.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: