2017-жылдын 19-декабрь күнү 1942-жылы туулган Б.К. аттуу Чоң-Алай районунун тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.Себеби 2017-жылдын октябрь айында бир баш букасын талаадан уурдап кетишкен. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жыбарлануучу жалпы суммасы 45 000 сомдук материалдык зыянга учураган. Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган К.А. аттуу Чоң-Алай районунун тургуну кармалган.
Жогорудагы факт боюнча Кыргыз Республикасынын 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу-кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ