Menu

Канатбек Исаевдин келечеги алдыда, ал убактылуу сыноодон өтүүдө

Бөлүшүү:

Соңку убакта камактагы Канатбек Исаевди бийликчил маалымат каражаттары бир ооздон шыбашып, табалаганга өтүштү. «Абалы оорлошуп калыптыр, иши бүттү, эми кылган иши боюнча жооп берсин» дегендей маанидеги суу кечпеген жел сөздөрдү таратышып. Эрксизден жылмаясың. Качан кыргыз эли башына иш түшүп турган азаматын кемсинтчү эле? Албетте, мындай көрүнүш өтө пастык экенин айгинелейт! Эскертип коёлу, Канат мырзанын эрки бекем, духу бийик, белдүү жигит. Мындай азаматтарды түрмө сындыра албайт, тескерисинче, чыйралтат. Каарманыбыз болгону 42 гана жашта. Келечеги алдыда. Ал эми катар-катар козголгон кылмыш иштери коомчулук тарабынан саясый куугунтук катары бааланып атканына күбө болуп атпайбызбы, туурабы? Эгерде Исаев азыркы көп чиновниктердей жалтак, кошоматчы болсо, анда бийликтин бийик сересинде отурмак. Ал анте албады, Жогорку Кеңештен жана башка жыйындардан чындыкты айтканы үчүн, оппозициялык көз карашы үчүн саясый туткунга айланып отурганы жалганбы? Кайсы бир күнү Исаевге жабылган түрмөнүн эшиги да ачылат, чоң саясый аренага кайрадан чыгат. Мына ошондо карапайым калк баалап, бүгүнкү айыптоолор суу кечпей калышы толук мүмкүн. Кичине убакыт керек. Сабыр тилейли! Албетте, бул күндөр сыноо катары өтүүдө. «Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт?» дечү эле даанышмандарыбыз. Канчалык кайгырып, куса болсоң, ошого тете алдыдагы кубанычтуу, бактылуу күндөрдү эстен чыгарбаш керек!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: