Menu

Исаков Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча БУУ аймактык борборунун башчысы Натали Герман менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча БУУ аймактык борборунун башчысы Натали Герман менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушунун жүрүшүндө Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча БУУ аймактык борборунун башчысы Натали Герман жаңы өкмөттүн активдүү ишин жана президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн белгиледи, – «Сиздер жаңы технологияларды пайдалануу аркылуу жарандардын добуш берүү процесси жеңилдетилди жана бийлик демократиялык жана тынч жол аркылуу өткөрүлүп берилгендигин көрсөтө алдыңыздар. Шайлоо процессинин мыкты деңгээлде өткөрүлүшү чоң ишенимдерди жаратууда. Өкмөттүн 2022-жылга чейинки Программасы жана узак мөөнөткө чейинки өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы сиздердин демократиялык баалуулуктарды, коопсуздук жана өнүгүүнү жактаганыңыздарды далилдейт жана ошондой эле алардын көпчүлүгү БУУ өнүктүрүүү максаттарына байланыштуу».

Натали Герман белгилегендей, Кыргызстанда активдүү жарандык коом бар, – «Ал 90-жылдардан тарта динамикалуу түрдө өнүккөн жана иштөөнүн, анын катарында мыйзам чыгаруу жаатындагы башка стандарттарды талап кылат. Бул жалпы аймак үчүн жакшы үлгү болуп бере алат».

Премьер-министр өз кезегинде Борбор Азияны өнүктүрүү үчүн аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле 2018-жылы учурдагы көйгөйлөрдү чечүү максатында аймактагы экологиялык абалга арналган аймактык конференция өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин билдирди.
Натали Герман белгилегендей, аталган маселедеги Кыргызстандын демилгелери абдан маанилүү экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасын экологиялык конференцияны өткөрүүдө колдоого даярдыгын билдирди.
Тараптар ошондой эле аймактагы суу дипломатиясы, экстремизмдин алдын алуу, терроризм менен күрөшүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдүү жогорулатуу жаатындагы кызматташтыкты талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: