Menu

Айрым региондордун жарандарына турак жайларын мейманкана катары пайдаланууга берүүгө уруксат берүү демилгеленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске) биринчи окууда каралды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечилердин бири депутат Алтынбек Жунус уулу мыйзам долбоору КР Өкмөтү тарабынан аныкталуучу туристтик зоналарда жайгашкан көп батирлүү үйлөрдөгү өзүлөрүнүн турак жайларын мейманкана катары менчик ээсине ижарага берүү маселелерин жөнгө салуу максатында демилгеленет. Айрым региондун жарандарына көп батирлүү үйлөрдөгү өзүлөрүнүн турак жайларын мейманкана катары пайдалануудан пайда табуу мүмкүндүгүн берүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталат.

Талкууда депутат Осмонбек Артыкбаев баардык эле жерлердеги көп батирлүү үйлөрдөгү өзүлөрүнүн турак жайларын мейманкана катары ижарага берүүгө уруксаат берүүнү сунуш кылды. Ал эми депутат Махабат Мавлянова патенттин негизинде баардык жерлерге эле уруксаат берүү керектигин айтып, демилгечилерди мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууга чакырды. Бир катар депутаттар аракеттеги мыйзам турак жайларды саатына, күнүнө деп сойкулук менен алектенгендерге берген жагдайларды токтотуу максатында иштелип чыккандыгын эске салышты. Бул багыттагы мыйзам кабыл алынгандан кийин Каракол шаарынын айрым тургундары үйлөрүн туристтерге конок үй катары берип, киреше таап, жан багып жатышканын айтып, нааразычылык билдиришкен.

Депутат Исхак Пирматов талкууга аралашып: “Алдына ала кошуналардын макулдугун алып, саатына берүү дегенди алып салып эле республиканын баардык аймактарындагы жарандарыбызга бирдей мүмкүнчүлүк берүүбүз керек”,- дейт.

Демилгечи депутат Алтынбек Жунус уулу көпчүлүк депутаттардын баардык жерде, баардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берүү боюнча айткан сунуштарына макул экендигин билдирди.

Талкуу жыйынтыгы менен мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жолдонду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: