Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун түштүк жагында жайгашкан кичи арена деп аталган спорттук имараттын багы ачылбай койду. Эсил кайран СССР урагандан бери бирөө сатат, бирөө алат, кайра мамлекетке өтөт… Кожоюндукту эч ким мойнуна ала албагандыктан дубалдары урап, бир капталы жараксыз абалга тушукту. Илгери чоң теннис мелдеши болуп аткан экен. Кирип көргөм. Болжол менен 3 миң адам сыя турган чакан стадионду көрүп, бала кыялымда ордо стадиону кылса сонун болчудай деп койгом. Азыр ошол ой кайра келди. Ары тартып, бери тартып, чоң саясатка айлантпай эле ордо атуу стадиону кылып, анан улуттук оюндардын борбору болуп калат эле. Ансыз да улуттук спорт боюнча стадион жок.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ