Быйыл Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп тандалгандыгына байланыштуу түштүк борбордун бийлиги даярдык иштерин баштады.
Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, вице-мэр Нурбек Кадыров ушул жылдын апрель айынан баштап, декабрь айына чейин шаарда жалпысынан 25 иш-чара өткөрүү пландалганын билдирди.
“Анын ичинен 22 Эл аралык, 1 республикалык, 2 жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар”, – деди Н. Кадыров. Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору наамына ээ болушу Ош шаары эле эмес, Кыргызстан үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.
“Бул жоопкерчиликтүү жана тарыхый мааниси зор иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү ар бирибиздин милдетибиз. Андыктан, кыска убакыттын ичинде көптөгөн жумуштарды жасашыбыз керек. Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн, көп кабаттуу үйлөрдүн, тейлөө сферасындагы имараттардын сырткы көрүнүштөрүн оңдоп-түздөө, заманбап жасалгалоо жана имараттарды жарыктандыруу, тарыхый эстеликтерди, туристтик объекттерди, музей, кинотеатрларды оңдоо, калыбына келтирүү, Ош шаарынын тейлөө тармагындагы кафе, ресторан, мейманканалардын сапатын жакшыртуу жумуштрын аткарышыбыз керек”,-деди ал.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ