Menu

Салык кызматы этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия бере баштады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматы этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия бере баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы бүгүн, 11-февраль күнү билдирди.

Өкмөттүн 2020-жылдын 24-январындагы № 30 токтому менен этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, ошондой эле алкоголдук продукцияны сатууга лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды.

Бул чечимге ылайык Салык кызматы этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоого, дүң жана чекене сатууга) лицензия бере баштайт.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын аягында Мамлекеттик салык кызматына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо функциялары өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: