Мамыров Эркинбек Тобокелович Жогорку соттун аппарат жетекчиси болуп дайындалды. КРнын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Жогорку соттун аппарат кызматкерлерине жаңы дайындалган аппарат жетекчиси Мамыров Эркинбек Тобокеловичти тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аппарат жетекчиси болгон Осмонкулов Марат Аскарович өз каалоосу менен кызматынан кетти.
Белгилей кетүүчү жагдай, Э.Т. Мамыров 2016-жылдын 1 –июлунан 2019-жылдын 30- июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын төрагасы болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ