Эртең, 22-декабрда Бишкекте коомчулук абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүн белгилейт. Бул тууралу Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирүү таратты.
“Бизде эртең кош майрам, абакта олтурган Өмүрбек Чиркешовичтин туулган күнү жана жаңы жыл майрамын утурлай уюштурулган кече өткөрөбүз”, – дейт Асия Сасыкбаева.
“Эртең Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү. Партиянын штабына саясатчы, журналист деги эле жакшы мамилелеш адамдарды сый тамака чакырып жатабыз”, – дейт “Ата-Мекен” партиясынын жаштар канатынын мүчөсү Жакшылык Бердибек уулу.
Эсиңиздерге сала кетсек, Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган. КР Жогорку Кеңешине 6 жолу депутат болуп шайланган. КР Президенттигине 3 жолу талапкер болуп шайлоого катышкан. 2005-жылы КР Жогорку Кеңешинин спикери болуп шайланган.
2017-жылдын февралында Алмаз Атамбаевдин режими тарабынан камакка алынып, коомчулук тарабынан саясый туткун катары кабыл алынып келатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ