Menu

Каныбек Иманалиев: «Эмгек мигранттарынын көзкарашында көп өзгөрүүлөр болгонуна көзүм жетти»

Бөлүшүү:

“Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун жетекчиси, «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу» мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиев парламенттик угуу жүрүшүндө билдирди”, – деп маалымдады ЖК кызматы.

«Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу» мыйзамдын аткарылышы жөнүндө отчетту даярдоо учурунда жумушчу топтун мүчөлөрү менен бирге бир катар өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары менен жолугушуп, алардын көзкарашында көптөгөн өзгөрүүлөр болгонуна көзүм жетти. Биринчиден, эмгек мигранттарынын мамлекеттик бийлик органдарына карата мамилеси кыйла өзгөрүптүр. Мурда аларга карата жалаӊ сын пикир айтылып келсе, эми биргелешип иштеше баштаптыр. Экинчиден, эмгек мигранттарыбыз биздин башкы инвесторубузга айланды. Миграция кызматы да мигранттарга колдоо көрсөтүү жаатында туура иш алпарып жатканы байкалды. Ырас, азыр анын чамасы чакталуу, бирок аракети бар. Мына, айтылуу «Кумтөр» долбоорунан жылына 11 млн доллар өлчөмүндө каражат түшсө, мигранттарыбыз өз өлкөсүнө 2 млрд доллардан ашуун каражат которууда. Үчүнчүдөн, эмгек мигранттары азыр өсүп-өнүгүүнү алып жүрүүчү катмар катары таанылууда. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн көптөгөн цивилдүү жакшы нерселерди алып келип, ал биздин кыртышта өсүп-өнөрү бышык. Ошондуктан, биз эмгек мигранттарына карата мамлекеттик саясатты өзгөртүп, аларга жакындан колдоо көрүшүбүз керек», – дейт Каныбек Иманалиев..

Андан тышкары, эл өкүлү өзү демилгечилердин бири болгон өткөн мезгил «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу» мыйзамдын бир топ кемчил жактары бар экенин көрсөткөнүн, аны оӊдоо зарылдыгын белгиледи. «Анда жагдай башка эле. Бул мыйзам 16-беренеден турган алкактык гана ченемдик укук актысы болгондуктан, бир катар мыйзам алдындагы ченемдик актылар иштелип чыгышы керек болчу, андай болбой калды. Муну Өкмөт эске алышы керек», – деп жыйынтыктады депутат өз сөзүн.

Белгилей кетек, Жогорку Кеӊеште Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин демилгеси жана «Палладиум» компаниясынын Жогорку Кеӊешке көмөк көрсөтүү программасынын колдоосу менен «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери тууралуу» мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: