Menu

Сапар Исаков энергетикалык тармак кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 22-декабрда, энергетикалык тармак кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын энергетиктер күнү менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Өкмөт башчынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:
«Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди кесиптик майрамыңыздар – энергетиктин күнү менен куттуктаймын!

Электр жана жылуулук биздин тиричилигибизге, ишибизге жана эс алуубузга ушунчалык жуурулушуп кеткендиктен аларсыз азыр күнүмдүк турмушубузду элестетүү кыйын.

Электр энергетиканын ролу маалыматтык кылымдын кирип келгендиги менен жана Кыргызстандын экономикасынын бардык тармактарында өндүрүштүк иштин автоматташтыруусу күч алып бараткандыгынан улам кескин жогорулады.

Урматтуу энергетиктер! Сиздердин кесипкөй, жооптуу жана ыгына салынган ишиңиздерден энергетикалык комплекс республиканын калкын жарык жана жылуулук менен камсыздоо боюнча маанилүү миссиясын аткарып келатат.
Өзгөчө ата-мекендик энергетиканын ардагерлеринин чоң салымын белгилеп кетким келет. Тарыхый кыска аралыкта энергетикалык тармак – өлкөбүздүн бүтүндөй экономикасынын негизи түзүлгөн. Алардын билими менен тажрыйбасынан улам энергетикалык система кыйла бекем болгон, ошонун күчү менен азыр да тармагыбыз туруктуу иштеп жатат. Адистердин жаш мууну салтты инновациялар менен айкалыштырып, системанын ишин жакшыртууга, өткөн муундардын жетишкендиктерин арттырууга аракет жасашы керек.

Акыркы жылдары энергетикалык тармакта бир топ өзгөрүүлөр болуп өттү. Энергетикалык системанын кубаттуулугу 280 МВт (мегаватка) көбөйдү. Электр энергиянын жеткирилишин жана керектелишин автоматташтырып эсепке алуудан улам электр тармактарда электр энергиясынын жоготуулары эки эсеге азайды.
Энергетикалык сектордогу негизги жетишкендиктерге “Камбар-Ата ГЭС-2 курулушу”, “Датка-Кемин” линиясын куруу” жана “Бишкек шаарынын ТЭЦин модернизациялоо” сыяктуу масштабдуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу кирет. Биз ушундай жыйынтыктар менен сыймыктанабыз, ушундан улам өлкөбүз энергетикалык көз карандылыкка ээ болду.

Энергетикалык секторду өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасында өзгөчө көңүл бурулат. Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, 11 чакан ГЭСтерди куруу жолу менен 2023-жылга Кыргызстандын энергетикалык системасынын кубаттуулугун 525 МВт (мегаватка) көбөйтүү пландалууда. Натыйжада 2025-жылы электр энергиясын иштеп чыгуу 16-17 млрд.кВтч (киловатт-саатка) чейин жетет.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу электр энергиясы менен керектөөчүлөрдү ички рынокто гана камсыздабастан, электр энергияны башка өлкөлөргө, анын ичинде «CASA-1000» долбоорунун алкагында экспорттоого көмөктөшөт.
Иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясынын жалпы көлөмүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча иш күн сайын жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын электр тармагынын кызматкерлеринин алдында көптөгөн милдеттер турат, алар жогорку деңгээлдеги билимди, компетенцияны, кесипкөйлүктү жана ак ниет эмгекти талап кылат. Ушул сапаттардын бардыгы, урматтуу энергетиктер, сиздерге таандык десем жаңылышпаймын. Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиз – бул тармактын да, жалпысынан өлкөбүздүн да өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымыңыздар болуп саналат.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен! Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай, эмгектеги ийгиликтерди жана үй-бүлөдөгү бакубатчылыкты каалаймын».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: