Menu

Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий сапар менен барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 25-26-декабрында Казакстан Республикасынын Президентинин чакыруусу менен Астанага расмий сапар менен барат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева кечээ, 22-декабрда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө басма сөз жыйынында маалымдаганын президенттин расмий сайты жарыялады.

Сапардын жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин тар курамда жолугушуусу болжолдонууда. Ошондой эле кеңири форматта сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери ЕАЭБдин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат”, -деди Айзада Субакожоева.

Ал 2017-жылдын 30-ноябрында Минскиде өткөн ЖККУнун мааракелик саммитинде эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү соода-экономикалык кызматташуу, салык жана бажы жаатында өз ара аракеттенишүү, ошондой эле фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жаатында кызматташуу боюнча Жол картасына кол коюшкандыгын эске салды.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин Казакстан Республикасына сапары бул Жол картасын натыйжалуу ишке ашырууга, эки тараптуу мүнөздөгү башка маселелерди чечүүгө түрткү берет. Жалпысынан кыргыз тарап тең укуктуу, өз ара пайдалуу жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде Казакстан менен салттуу достук мамилелерди, кызматташууну, союздаштыкты, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого умтулуп, жакшы маанайда баратат”, -деп белгиледи Айзада Субакожоева.

Анын маалыматы боюнча сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алат. “Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу болжолдонууда”,- деп кошумчалады ал.

Астанага жасаган сапарынан кийин, 26-декабрда, тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы маалымдагандай, Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага иш сапар менен барат.

“Бейформал жолугушуунун алкагында эл аралык жана аймактагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө”, -деди Айзада Субакожоева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: