Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 5 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта журналисттерге анын туугандары маалымдашты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын жансыз денеси бүгүн, 18-августта, эртең менен саат 10:00 чамасында Сокулук айылынын каналынын жанынан табылган. Өспүрүмдүн ата-энеси ал жерге жөнөп кетишти.
Эскерте кетсек, буга чейин 10-августта Бишкекте Патрис Лумумба көчөсүндө 2015-жылы туулган бала Чоң Чүй каналына түшүп кеткени маалымдалган. Издөө-куткаруу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 40тан ашык кызматкери бир нече күн бою жүргүзүшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ