Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады, – бул туралуу Президенттин расмий сайтында маалымдалды.
“Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоорумду кабыл алыңыз.
Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана мамлекеттик ишмердиктеги бай тажрыйбаңыз бир тууган Азербайжандын мындан аркы гүлдөп өнүгүшүнө жана анын эл аралык кадыр-баркынын өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенем”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Ильхам Алиевге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ