Menu

Бабанов алыстан туруп мүлкүнө ичи ачышып жатканын билдирди

Бөлүшүү:

“Чөгөлөп жашагыча, тик туруп өлгөн артык” деп баатыр болуп жаткан Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек. Жакынкы күндөрү келиши да күмөн болуп туру.

Сооронбай Жээнбеков “Сага 25 суроом бар, жылдап жооп бересиң” дебеди беле. Ошол суроолорго жооп бере албасын билдирип койду. Ушул аптада Бабановго таандык НТС телеканалынын мүлкүн Максим Бакиевдин жакын адамдарынын арызы боюнча сот аткаруучулар камакка алышты. Мүлкү камакка алынганына ичи ооруган Бабанов алыстан “Урматтуу Кыргызстандыктарым, ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат.

Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык – куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат – көзкарандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?” деп үн катты. НТСтин чыныгы ээси Өмүрбек Бабанов эмес, Максим Бакиев экени эми ачыкка чыгып жатат окшойт. Максимдин жакын адамдары азыркы кырдаалды пайдаланып, өзүлөрүнө тийиштүү болгон мүлктү кайтарып алууга аракетин көрүп жаткандай. 2010-жылы НТС деле улутташтырылган мүлктөрдүн ичинде болгон.

Ал эмне үчүн улутташтырылбай, Бабановго өтүп кеткен? Ага ким колдоо көрсөткөн? Ушул сыяктуу суроолорго жооп табылбай келген болчу. Чындыгында, НТС Максим Бакиевдин мүлкү болуп, улутташтырылчу мүлктөрдүн ичине кирген кезде, Бабанов кимдин колу менен аны өзүнө өткөзүп алган? Бул суроонун жообу да ачыкка чыкчу кез келди окшойт. Акыйкат териштирүү жүрсө, ошол адам ким экени коомчулукка аныкталат. Жообун күтүш керек.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: