Парламенттеги «Бир бол» фракциясынан көрсөтүлүп, жакында эле биринчи вице-премьер-министр катары Өкмөткө кызматка барган Аскар Шадиев тууралуу деле коомчулукта түрдүү пикирлер айтыла калып жүрөт. Азыркы Конституциянын айрым беренелеринин негизинде бул аткаминердин парламентте депутаттык мандаты да сакталып калды.
Демек, биринчи вице катары ишке болгон жөндөмсүздүгүн көрсөтүп кызматынан айрылса, кайра эле депутат болуп иштей берет. Депутат кезинде айлык маянасын көбүрөөк алчу окшойт. Өкмөттүн өкүлү болгондон берки ала турган айлыгынын суммасын укканда «аз эле турбайбы» деп наалыганын уккандар бар экен.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ