Ош шаарынын баш имам хатиби Мирлан ажы Токтомушов ШИИБ кызматкерлери, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы Бабур атындагы №46 мектебинде ата-энелер менен жолугушуп, терс диний агымдар туурасында маалымат берди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ата-энелер менен болгон жолугушууда шаар хатиби экстремизм, терроризм менен күрөшүү ар бир адамдын милдети экендигин айтып, балдарга билим, тарбия жана даанышмандуулукту үйрөтүүнү сунуштады. Ал эми ШИИБ, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү окуучулардын жүрүм-туруму, тарбиясы жана билим алуусу ата-энелер тарабынан көзөмөлдөнсө балдардын жоопкерчилиги күчөөрүн билдиришти.
Эскерте кетсек, аталган жолугушуу шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага мектептеги окуучулардын ата-энелери толугу менен катышышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ